Жогорку сот «Ак-Кула» ат майданынын сатылышын жараксыз деп тапты

Жогорку сот жеркиликтүү соттордун «Ак-Кула» ат майданынын 1998-жылы жеке менчик компанияга сатылышын жараксыз деп тааныган чечимин күчүндө калтырды. Эми Бишкектин райондук прокуратурасы сот аркылуу ат майданды мамлекеттин менчигине өткөрүлүүсүн талап кылууда.

Сот 1998-жылы Айыл жана суу чарба министрлиги «Ак-Кула» ат майданын жеке менчик компанияга саткан деп токтом чыгарды.

Документке ылайык, 1995-жылы ат майдан Бишкек мэриясынын менчигине өткөрүлүп берилген, анткени Айыл чарба министрлигинин ат майданды сатууга укугу болгон эмес.

«Айыл чарба министрлигинин аталган комплекстин мүлкүн тескөөгө укуктары жок болчу, анткени ал учурда ат майдан министрликтин карамагынан чыгарылган, ошондуктан бүтүм жараксыз эсептелет», — деп айтылат башкы прокуратуранын сайтында.

Ленин райондук прокуратурасы ат майданды мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү талабы менен Бишкектин райондор аралык сотуна арыз берген.

Бийлик комплексти 2018-жылы реконструкия кылууну пландоодо, андан кийин «Ак-Кула» мамлекеттин менчигине өткөрүлөт. Оңдоо иштерине 650 млн сом бөлүп берүү каралууда.

Ондоо иштеринен кийин ат майдан беш жарым миң орундук болот, учурда ал болгону үч миң адамды гана батыра алат.

Ат майдандагы чатак

Өкмөт ат майданды Нооруз майрамындагы ат чабыш учурунда чыккан чыр-чатактан кийин 2017-жылдын май айында реконструкция кылууну чечкен.

Мелдешти көрүү үчүн жана орундуктардын жетишсиздигинен улам күйөрмандар бак-дарактар менен темир арканын үстүлөрүнө чыга башташкан.

Бул окуядан кийин ИИМ «Ак-Кула» ат майданы коопсуздук талаптарына жооп бербестигин жана Көк бөрү федерациясы оюндарды тийиштүү деңгээлде уюштура албаганын билдирген.

Милиция көрүүчүлөргө штраф салынып, ат майданда тартипти көзөмөлдөгөн укук коргоо кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөөрүн убада кылган.


ТЕМА БОЮНЧА: