20-сентябрдан тарта туура эмес токтотулган машиналардын дөңгөлөктөрүнө тосмо коюлат

Патрулдук милициядан билдиришкендей, Бишкекте 20-сентябрдан тарта туура эмес токтотулган машиналардын дөңгөлөктөрүнө тосмолор тагыла баштайт. Ошондой эле жол эрежесин бузган машиналар мажбурланып эвакуацияланат.

Патрулдук милициянын ишин координациялоо жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Нур Сатыбалдиев билдиргендей, тосмолор машинанын рулу жагында жайгашкан алдыңкы дөңгөлөктөрүнө тагылат. Машинанын кожоюну дөңгөлөккө зыян келтирүүсүз өз алдынча тосмону чыгара албайт.

«Тосмону унаанын айнегине тагуу учурунда аны орнотуп жаткан патрулдук милициянын кызматкеринин номери жазылган баракча калтырылат. Айдоочу кызматкерге чалат, өз кезегинде патрулдук милициянын кызматкери келип протокол түзөт. Ошондой эле штрафты накталай акча эмес түрүндө төлөсө болот», — деди ал.

Машинанын туура эмес токтотулгандыгы үчүн штраф 1000 сомду түзөт.

Мындан тышкары патрулдук милиция туура эмес токтотулган автомобилдерди эвакуациялоо боюнча тарифтерди түзүп чыккан.

Сатыбалдиевдин айтымында, тарифтерди монополияга каршы комитет кабыл алгандан кийин машиналарды эвакуация кылган компаниялардын ортосунда тендер жарыяланат.

Ошондой эле, Сатыбалдиев эвакуациянын жогорку баасы 1660 сомду түзөөрүн кошумчалады.

Буга чейин патрулдук милиция машиналарды мажбурлап эвакуация кылуу 2017-жылдын май айында башталаарын маалымдаган.

Сүрөт: АКИPress


ТЕМА БОЮНЧА: