Атамбаев БУУнун Башкы ассамбеясынын сессиясына барат

Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышат. 2016-жылы ал жүрөгүнүн аритмиясынын айынан Нью-Йоркко жетпей калган.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Атамбаев сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясына катышат.

Президент башка өлкөлөрдүн башчылары менен өкмөттөрдүн жана тышкы саясат ведомстволорунун ортосунда талкуулар башталган учурда 19-25-сентябрь аралыктарында ал жакта болот.

Алдын ала маатыматтарга ылайык, 19-сентябрда Нью-Йоркко 100гө жакын өлкөнүн президенттери менен өкмөт башчылары барат.

Бул өлкө башчысы Атамбаевдин БУУнун 72-сессиясына Кыргызстандын президенти катары АКШга барган биринчи жана акыркы жолку сапары болуп калат.

Атамбаев 2016-жылдын сентябрында БУУнун Нью-Йорктогу Башкы ассамблеясына учуп кеткен, бирок Стамбул аэропортунда конуу учурунда ал өзүн начар сезип жүрөгү ооруп калган.

Президентке Түркиядан баштапкы медициналык текшерүү өткөрүлгөн. Кийинчерээк Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Атамбаев Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканада даарылануу курсун өткөн.

Анда Кыргызстандын 2016-жылдагы делегациясын БУУга Атамбаевдин ордуна тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барган.


ТЕМА БОЮНЧА: