ИИМ: Өспүрүмдөр бирин-бири сабаган «Коридор» оюну видеого беш жыл мурда тартылган

Милиция 10-15 чакты өспүрүм «Коридор» оюну учурунда кезектешип бирин-бири токмоктоп жаткан видео беш жыл мурда тартылганын аныктаган. Укук коргоо органдары видеонун каармандарын издөөнү улантууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өспүрүмдөр бирин-бири сабап жаткан видео беш жыл мурун Бишкектин Ленин районунда тартылган.

«Таркатылган видео чоң талкуу жаратып, коомдук тармактарда көптөгөн сын пикирге кабылган […] Учурда ИИМ кызматкерлери видеого тартылган окуянын каармандарынын тек жайын тактоо үчүн мындан аркы ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп билдирди аталган мекеменин басма сөз кызматы.

Буга чейин фэйсбук коомдук тармагына видео чыгарылып, анда 15 чакты өспүрүм «Коридор» оюнун ойноп жатышканын көрүүгө болот.

https://www.facebook.com/kloop.kg/videos/10154993088404639/

Оюнда «коридордун» ортосунан өтүп жаткан катышуучуну башкалар түртүп, тепкилеп сабашат.


ТЕМА БОЮНЧА: