Исаков: Ноябрдын аягына чейин Бишкек менен Оштун жолдорунда видеокамералар орнотулат

Премьер-министр Сапар Исаков

Премьер-министр Сапар Исаков 30-ноябрга чейин Бишкек менен Оштун жолдорунда жол кыймыл эрежерин бузгандарды аныктаган видеокамералар орнотулаарын билдирди.

Исаковдун айтымында, фото жана видео байкоо тутуму патрулдук милиция менен биргеликте иштейт.

Камералар машиналардын ылдамдыгын, ашып өтүү жана айдап чыгуу эрежелерин бузганын каттап, андан кийин гана айдоочунун өздүгүн машинанын мамлекеттик номери аркылуу аныктайт.

Исаков билдиргендей, байкоо камералары күнү-түнү иштеп турат.

«Коопсуз шаар» долбоору

Бийлик 2011-жылдан бери «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында Бишкекте жол кыймыл эрежелерин бузулган учурларды аныктаган камералар менен камсыздоону убада кылып келет.

Өкмөт эки тендер өткөзгөн — биринчи конкурс эреже бузуулар менен өтсө, ал эми экинчи тендердин айынан бийлик конкурсту утуп алган «Стилсофт Бишкек» компаниясы менен бүгүнкү күнгө чейин соттошуп жатат. Долбоор 60 млн долларга бааланган.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү үстүбүздөгү жылдын июль айында «Коопсуз шаар» долбоору «Мегаком» байланыш операторун сатуудан түшкөн каражатка ишке ашырылаарын чечишкен. Ал эми азырынча «Мегаком» байланыш оператору сатыла элек.

Жолдордогу коопсуздук боюнча маселелер 2017-жылдын жай мезгилдеринде өспүрүмдөрдүн жол кырсыгына кабылып, чуу жараткан окуяларынан кийин бир нече жолу президент менен премьер-министр тарабынан көтөрүлгөн.

Бишкекте 21-апрелде эки мектеп окуучусу жол кырсыгына кабылып, айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Балдар оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк айдоочу кармалып эки айга тергөө изоляторуна камалган. Учурда мектеп окуучуларынын ден соолуктары калыбына келди.

Бишкектеги «Кудайберген» базарынынын жанындагы жөө өтмөктө 10-май күнү 15 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп кетишкен. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып, бирок эртеси күнү кечинде милиция тарабынан колго түшүрүлгөн.

Бул окуялардан кийин Бишкетин мектептеринин жанында «жаткан полициялар» менен белгилерди орнотушкан.

Жалпысынан Кыргызстандын жолдорунда 2017-жылдын башынан 500 адам каза тапкан.


ТЕМА БОЮНЧА: