«Мунабия» кыргыз тасмасы Пусан кинофестифалында көрсөтүлөт

Таалайбек Кулмендеевдин толук метраждуу «Мунабия» тасмасы Пусан эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул көрсөтүү тасманын дүйнөлүк бет ачары болуп калат.

Пусан эл аралык кинофестивалы 12-21-октябрь аралыгында Түштүк Кореяда өтөт.

Тасманын продюсери Талант Төлөбеков билдиргендей, Кыргызстандын «Мунабия» фильми «Азия кинематографына терезе» секциясына кошулган, ал жакта заманбап киноискусствонун бардык тренддерин чагылдырган кинематографисттердин кызыктуу деп тандалган иштери көрсөтүлөт.

«Мунабия» кыргыз режиссеру Таалайбек Кулмендеевдин дебюттук тасмасы. Тасмада автор кыргыз Ромео менен Жулеттасынын жаш кезиндеги эмес картайып калгандагы сүйүү тарыхын көрсөткүсү келген.

«Мунабия» бул көптөгөн сыноолор, басынтуулар жана кемсинтүүлөргө дуушар болгон акылдуу, сулуу, көз каранды эмес күчтүү аялдын образы. Коомдун таш боорлугу өкүм сүрүп турган кезде өзүнүн ар-намысы менен кадыр баркын аз гана адам сактап кала алат», — деп айтылат тасманын расмий баяндамасында.

Режиссер тасманын негизине Казат Акматовдун бир ысымдуу новелласынын сюжетин алган. 2013-жылы «Кыргызфильм» студиясы новелланын текстин толук метраждуу фильмге кошуу үчүн сатып алган. Тасманын бюджети 70 миң долларды түзгөн.

Фильмде башкы каармандардын образдарын Мээрим Атантаева, Назым Мендебаиров, Сакен Карабаев жана башкалар жаратышкан. Тасмага музыканы Мурзали Жээнбаев жазган.

Пусан эл аралык кинофестивалы Азиядагы эң ири кинофестиваль, ал жыл сайын 1996-жылдан бери Түштүк Кореянын Пусан шаарында өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: