Орусия Кыргызстанга 35 мобилдүү үй берди

Орусия Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) 35 мобилдүү үй берди. Алар жаратылыш кырсыктарынан улам үй-жайсыз калгандарга убактылуу жашоого берилет.

Орусиянын ӨКМнин өкүлү Игорь Веселов 13-сентябрда Кыргызстандын куткаруучуларына гуманитардык жардам катары бир бөлмөлүү 35 мобилдүү үй өткөрүп берди.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматовдун билдириминде, бул үйлөр жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандардын убактылуу жашоочу жайы катары пайдаланылат.

2017-жылдын жай айларында Кыргызстандын түштүк аймактары бир катар жер титирөө, суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн жабыркаган. Жер көчкү маалында 30 адам набыт болгон.

Жаратылыш кырсыктарынын натыйжасында үч миңге жакын адам турак жайсыз калып, 500гө жакын үй авариялык абалга кептелген. Бийлик аларды убактылуу чатырлар менен жатаканаларга көчүргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: