Аудио: Юридикалык академиянын мугалими Жээнбековго добуш бербеген студенттерди окуудан чыгарам деп коркутууда

Кыргыз мамлекеттик юридикалык акадаемиясынын (КМЮА) мугалими бийликчил КСДП партиясынан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго добуштарын бербеген студенттерди окуудан чыгарам деп коркутууда.

КМЮАнын мугалими студенттерди коркутуп жатканы жаздырылган аудио жазма YouTubeга жайгаштырылган. Аудио жазмада мугалим студенттерди жогорку окуу жайдын алдындагы шайлоо участогуна катталып, Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп суранып жатканын угууга болот.

Мугалим жетекчилик Жээнбековго добуш бербегендерди аныктап, университеттен чыгарып сала алат деп коркуткан.

«Былтыркы жылы биз [референдумда] добуш бергени барганда [Конституцияга түзөтүү киргизүүгө] каршы добуш бергендерди аныктаганбыз, бул нерсенин барын аныктаса болот. Учурда ошол керектүү добуш бергиси келбеген төрт адамдын окуудан чыгарылышы каралып жатат», — деп айтат ал.   

Аудио жазмадагы маектешүүдө мугалим окуу жайдын алдындагы шайлоо участогуна каттоо үчүн студенттердин паспортторун чогултуп алганын түшүнүүгө болот. Ошол эле учурда ал окуу жайдын аймагында шайлого барышса анда бир гана Жээнбековго добуш бергиле деп айтат.

«Силер мага паспортторуңарды бердиңер жана автоматтык түрдө Жээнбековго добуш бере турганыңарды түшүнүп жатасыңар да. Эгерде силер барып башка талапкерге добуш берсеңер биз силерди аныктай алабыз. КМЮА КСДП менен Жээнбеков үчүн экенин бардыгы билишет», — деп айтат ал аудио жазмада.

Аудио жазманын аягында педагог студенттерден кимге добушуңарды бересиңер деп сурайт. Студент кыздардын бирөөсү башка талапкер Өмүрбек Бабановго добуш берем деп жооп берет. Мугалим анын үйүнө кете беришин суранат.

«Болду, бошсуң, үйгө кете берсең болот. Биз сенсиз эле сүйлөшөлү», — дейт мугалим.

Ошондой эле мугалим президенттикке талапкер Темир Сариевдин дагы тарапташтарын аудиториядан чыгып кетүүлөрүн суранат.

Kloop.kgнин кабарчысы комментарий алуу үчүн университеттин жетекчилиги менен байланыша албай койду.

КМЮАнын ректору учурда бийликчил КСДП партиясынын депутаты Канат Керезбеков болуп эсептелет.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда мамлекет башчынын кызматы үчүн 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: