Чүй облусунун Панфилов РИИБине жергиликтүү тургундардын бири куралчан төрт адам кол салганын айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары белгисиз төрт адамды бир күн бою издеп, бүткүл облус боюнча «Колго түшүрүү» планын жарыялаган, бирок эч кимди таба алышкан эмес.

Чүй облусунун ИИБнин басма сөз катчысынын башчысы Нурбек Токтосунов «Кактус» басылмасына курган маегинде, милиция Панфилов районунун жергиликтүү тургунуна ыктымал кол салган куралчан төрт адамды таппай койгонун айткан.

Анын айтымында, милиция аларды бир күн бою издеген. Издөөгө Панфилов РИИБинин бардык өздүк курамы көтөрүлгөн, бирок эч ким табылган эмес, ошондуктан издөө иштери токтотулган.

«Блок-посттор орнотулган. Бардык автоунаалар текшерилди. Биз ар бир бактын түбү менен аймактын ар бир чарчы метрин текшердик. Бирок эч ким андай адамдарды байкаган жок», — деди Токтосунов.

Кол салуу боюнча маалымат Панфилов районунун РИИБине 12-сентябрда түшкөн. Жергиликтүү тургундардын бири ага куралчан төрт адам кол салганын билдирген. Анын айтымында, алар аны кайсы бир жакка жеткирүүнү талап кылышкан.

«Алар менден аларды керектүү жерге жеткирүүмдү талап кылышты. Бирок мен машинамда бензин жок экенин айткам. Алар текшерип, ынанган соң [Казакстан] тараптагы чек араны көздөй кетишти», — деп милиция арызданган адамдын сөзүн келтирди.

Бирок кийинчерээк милицияга кол салуу боюнча кайрылган адам көрсөтмөсүн өзгөрткөн. Биринчисинде «кол салгандар» спорт кийимчен болгонун айтса, андан кийин адамдар аскер кийимчен болушканын айткан.

Кол салуу боюнча билдирген адамга психологиялык экспертиза дайындалды. Ошондой эле милицияда эгерде ал адамдын акыл эси ордунда деп таанылса, ал жалган билдирүү үчүн бир жылга эркинен ажырап калышы мүмкүн.

Милициядагылар кол салуу боюнча билдирүү жалган болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: