Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура жогорулатылган баада компьютер сатып алып жаткан транспорт министрлигинин жооптуу кызматтагы адамдарына кылмыш ишин козгоду. Мамлекетке 16 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Башкы прокуратуранын кызматкерлери күч органдары менен биргеликте Орусия Кырыгызстандын Бажы биримдигине кириши үчүн кайтарымсыз каржылык жардам бергени кандай пайдаланылганын текшеришти.

Таранспорт министрлиги Орусия бөлгөн каражаттын 826 миң АКШ долларына компьютердик техника сатып алган.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, сатылып алынган жабдыктардын баасы «республиканын учурдагы аталган техникаларга жана кызматтарга болгон базар баасына салыштырмалуу» жогорулатылган.

Башкы прокуратура мамлекетке 16 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген деп эсептейт.

Өлкөнүн башкы көзөмөл органы «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: