Бишкек: Ооганстандык менен сейилдегени үчүн эркек адам кызга кол салган

Эркек киши Ош базарында өзүнө белгисиз кыз ооганстандык жаран менен сейилдеп жүргөнүн көрүп калып ал кызды чаап салган. Кол салган адамды милиция кармаган, бирок түшүнүк кат жаздырып алгандан кийин кайра бошотулган.

Окуя 11-сентябрда болгон, ал эми анын натыйжасын журналист Владимир Цай видеого тартып алган.

Кызга кол салуу болгондон кийин ал дароо эле анын айланасына чогулган адамдарга бул нерсени ал «кыргыз кыздары чет элдиктер менен жолукпашы үчүн» кылып жатканын айткан.

Ошондой эле, ал оогандык адамды «Кыргызстандан кет» деп айткан.

Кызга Ош базарынын сатуучулар тобу болушуп чыккан, алардын арасында видеодо көрсөтүлгөндөй көпчүлүгү аялдар болгон.

Алар кол салган адамдын кылыгы үчүн аны уяткарууну каалашкан, бирок ал адам тынчып калган эмес.

«Эмне кыргыз балдары калбай калдыбы?» — деп нааразы болунуу уланта берген ал.

Аялдар ага эркектердин дал ушундай кылыктары үчүн кыргыз кыздары чет элдиктер менен мамиле куруп жатышат деп жооп беришкен.

Кол салган адам өз кезегинде жабырлануучуну «балта менен чаап» салаарын айтып коркуткан.

Түшүнүк кат жазып таркашты

Кол салуу болгондон бир нече мүнөт өтүп окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген. Укук коргоо органдары кол салган адам менен жабырлануучуну жакын жердеги милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей жабырлануучу менен кол салган адам түшүнүк кат жазып беришкен, андан кийин экөөнү кое беришкен.

Мекемеден тергөө амалдары жүрүп жатканын жана кылмыш иши азырынча козголо элегин кошумчалашты.

«Прецедент» компаниясынын юристи Замир Жоошев Kloop.kgнин кабарчысына кол салган адам бейбашчылык, көл көтөрүү жана улуттар аралык кастыкты көзутуу үчүн жоопкерчиликке тартылышы мүмкүндүгүн билдирди.

Этникалык кыргыз кыздардын чет элдиктер менен же башка этностордун өкүлдөрү менен мамиле кургандары үчүн кол салуулар дайыма болуп турат, бирок алардын жарымы кана ЖМКлар аркылуу ачыкка чыгат.

Буга чейин Орусияга иштегени кеткен кыргыз кыздарына болгон бир катар кол салуулар абдан катуу талкууга алынган. Жада калса Орусияда кыргыздардын диаспорасында кыздарды сабап жатканын видеого тарткан «Патриоттор» деген топ түзүлгөн.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына ылайык, ошол топтун жети мүчөсү адамдарды урдоо жана токмоктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: