Шайлоо-2017: «Кыргызстан» парламенттик фракциясы «мамлекеттин бүтүндүгү» үчүн Жээнбековду колдойт  

«Кыргызстан» фракциясынын депутатары бул чечимди 15-сентябрда өткөн жыйында кабыл алышты, анткени алардын партиясындагы талапкер Канат Исаев президенттик жарыштан четтеген. Ал өзүнүн колдоосуна жетиштүү кол белгилерди чогулта алган эмес.

«Кыргызстан» партиясынын депутаттары бардык 13 талапкердин буга чейин аткарган эмгектери менен саясий тажрыйбаларын карап чыгып Жээнбековдун колдоону чечишкен.

«Мамлекеттин бүтүндүгүн, акыркы жылдардагы жетишкендиктерди жана мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн "Кыргызстан" парламенттик фракциясы Жээнбековдун талапкерлигин колдоону чечти», — деп айтылат депутаттардын чыгарган чечиминде.

Буга чейин «Кыргызстан» партиясынан президенттик кызмат үчүн Канатбек Исаев талапкер болуп чыккан, бирок анын талапкерлигин Борбордук шайлоо комиссиясы каттаган эмес.  

Боршайком талапкер тапшырган кол белгилердин ичинен болгону 27 миңин гана тааныган. Исаев жалпысынан өзүнүн колдоосу үчүн БШКга 37 миң кол белги тапшырган.

«Ата Журт» партиясынын башчысы Камчыбек Ташиев дагы Жээнбековду колдой турганын билдирген. Саясатчынын айтымында, бул өлкөдө «туруктуулук менен тынчтыкты» сактоого жардам берет.  

Кыргызстандын президентин шайлоо 15-октябрда өтөт. Жалпысынан президенттик кызмат үчүн 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: