Бангладеш 2017-жылдын августунда Мьянмадан качкан 400 миңден ашуун мусулман-рохинжалардын кыймылына чектөө киргизди. Эми качкындар Кокс-Базар шаарынын аймагындагы атайын бөлүнгөн чатыр шаарчаларда боло алышат.

Качкындарга жада калса үй-бүлөөлөрүнөн ажырап калган учур болсо дагы атайын бөлүнгөн аймактардан тышкары жактарга көчүүгө тыюу салышты.

Ошондой эле жергиликтүү тургундарга рохинжаларга турак жай берүүнү жана транспорт компанияларына аларды көчүрүүгө тыюу салынды.

Бангладеш 10 күн аралыгында учурдагы рохинжалар баш калкалап жаткан жердин жанына сегиз чакырым квадрат аймактынтын ичинде кошумча жаңы чатыр шаарчаларды курат.

ББСнин маалыматына ылайык, Бангладеш өкмөтү мындай жол менен качкындардын жергиликтүү калк менен сиңишип кетишинен кутулуудан аракет кылууда. Ошондой эле, Бангладештин рохинжаларды Мьянмага кайтаруу же аларды башка өлкөгө көчүрүү планы бар деп шек санашууда.

БУУнун маалыматына ылайык, учурда 400 миңден ашуун рохинжалар Мьянманын батышындагы Ракхайн штатынан чыгып, коңшу Бангладешке качышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Мьянма бийлигин мусулман-рожинжаларды өлкөдөн «максаттуу түрдө» чыгаруу кампанисына айыптоодо. Укук коргоочулар бул кампанияны «этникалык тазалоо» деп аташты.

Мьянма тынч жашап жаткан калкты жок кылуу фактысынан баш тартып, операциялар экстремисттердин кол салуусуна жооп катары жүргүзүлүүдө деп билдирүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: