Сириядагы согуштук аракеттерге борбор азиялыктар да катышып жатканын маал-маалы менен чыгып жаткан тасмалардан көрүүгө болот.

Араван районунан Сирияга үй-бүлөсү менен кеткендердин туугандары алардын кайтып келишин каалабай турганын билдиришти. Сирияга кеткендердин кароосуз калган турак жайын бул жактагы туугандары өз ара бөлүштүрүп алышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Сирияга агылуу көрүнүшү басаңдаганына ыраазы.

Макаланын түп нускасы Азаттык үналгысынын сайтына чыккан.

2014-жылы Араван районунан толук эки үй-бүлө тууган-урук, үй-жайын таштап Сирияга кетиптир деген кабар тараган. Андан бери үч жыл өттү. Согуш майданына бала-чакасы менен кеткендердин ичинен эч кимиси кайтып келе элек. Бош калган үйлөрдө алардын жакын туугандары жашап калышкан.

2014-жылы Сирияга үй-бүлөсүн алып кеткен Арапбай Вахаповдун үйүндө төрт баласы менен турмуштан ажырашкан кызы жашап калган. Ал турмуштан ажырашканын ата-энесинин Сирияга кеткенинен көрөт. Ошондуктан алардын кайтып келишин эч каалабай турганын айтат.

- Мен ата-энем менен сүйлөшпөгөнүмө төрт жылга чукулдап калды. Мен алар менен сүйлөшкөндөн корком. Алардын айынан милиция келип, мени менен кошо күйөөмдү да сурак кылышты. Ошонун айынан күйөөм мени кетирип жиберди. Ошондон бери бул үйгө келип төрт балам менен жашап жатам. Мен алардын кайра келишин каалабайм. Мага баары бир. Мен алардын баласы болуп калганым үчүн канча азап тарттым!

Ушундай эле жоопту Сирияга уулун, келинин жана эки небересин ээрчитип кеткен Дилярам Ахмедованын келини да айтты. Радиого ачык сүйлөөдөн баш тарткан келин алардын келишин каалабай турганын билдирди.

Союз учурунда Коммунисттик партиянын мүчөсү болуп, райондогу жетекчилик кызматтарда иштеп пенсияга чыккан Дилярам 94 жаштагы кайненесин жана үй-бүлөлүү кенже уулун таштап, 63 жашында Сирияга аттанганы кезинде бүт район элин таң калтырган болчу.

Ачык сүйлөөдөн баш тарткан кошуналарынын айтымында, 97ге чыккан кемпир убагында үч үй-бүлө жашаган чоң үйдү келсе алат, келбесе калат деп, үчкө бөлүп мурастап коюптур. Бирок үчкө бөлүнгөн мурас үйдө азыр Дилярамдын кенже уулу чоң энеси жана өз үй-бүлөсү менен жашап атышат.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда Араван районунан Сирияга 28 адам кеткен. Анын ичинде төрт үй-бүлө бар. Сирияга кетти делгендердин төртөө согушта каза болду деген маалымат тараган. Бирок алардын бирине да аза күтүү расмиси жасалган эмес.

Район акиминин орун басары Музафар Мамасаидов учурда Сирияга кетүү көрүнүшү Араван районунда токтогонун билдирди.

- Сириядагы кырдаалды элибиз түшүнүп бүттү. 2015-2016-жылдары Сирияга кетиптир деген имиштер катуу болду. Бирок диний ишмерлер, жергиликтүү бийлик, мугалимдер, аксакалдар комитеттери катуу иштешти. Түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрдү. Ушунун натыйжасы болду окшойт. Быйылкы жылы Аравандан Сирияга кетти деген бир дагы окуя катталган жок. Менимче эл түшүндү.

Өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ менен күрөшүп жаткан Орусиянын куралдуу күчтөрү Сириянын курчоодон бошотулган аймактарынан Борбор Азия мамлекеттеринен келген аялдар менен балдар табылып жатканын кабарлашууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сирияга 200дөй кыргызстандык кеткен. Бирок бейрасмий булактар Сирияга 500дөй кыргызстандык барганын билдирип келишет.


ТЕМА БОЮНЧА: