Акыйкатчы: «Журналист Сапановго чыгарылган өкүм — ырайымсыздыкка кайтуу»

Акыйкатчы Кубат Оторбаев соттун журналист Сапановго карата чыгарган өкүмүн «ырайымсыздыкка кайтуу» деп атады. Буга чейин Сапановго «Кыдыр Санжырасы» китебинин айынан «диндер аралык кастыкты козутуу» боюнча төрт жылга түрмөгө кесүү өкүмүн чыгарышкан.

Оторбаев сотту журналистке карата чыгырган чечимин кайра карап чыгып, аны камактан бошотууга чакырды.

Акыйкатчы билдиргендей, ал Сапановдун китеби менен таанышып чыккан жана китеп «диндер аралык кастыкты козутууга» алып келмек эмес деп эсептейт.

Оторбаевдин айтымында, Кыргызстан ар бир жаран ээн эркин сүйлөгөнгө укугу бар демократиялык жана светтик өлкө. Анын пикиринде, мындай өкүм «ырайымсыздык көрсөткөн мезгилдерге кайтып келүү» болуп эсептелет.

«Кандайдыр бир ойлорун айткандыгы үчүн, мейли жалган көз караш болсо деле светтик өлкө үчүн XXI кылымда адамды камоо болбошу керек. […] Соттун журналистке карата өкүмүн ырайымсыздыкка кайтуу деп түшүнсө болот», — деди ал.

Акыйкатчынын айтымында, Сапановдун китеби «динден тышкары» болуп, «эркиндикти сүйгөн» адамдын ойлорун чагылдырат.  

«Бул соңку эки кылымда адамзаты башынан кечирип жаткан татаал көйгөйлөр боюнча жарандык көз карашы бар, кайгыларды, согуштарды жана башка жагымсыз көрүнүштөрдү түшүнүүгө аракет жасаган, эркиндикти сүйгөн адамдын ойлору» , — деди Оторбаев.

Буга чейин сот 12-сентябрда журналист Зулпукар Сапановду 4 жылга түрмөгө кескен. Сот анын «Кыдыр санжырасы» китеби ислам динин туткандар менен христиандардын ортосунда «диндер аралык кастыкты» козутууга багытталган деп эсептейт.

Ал эми Сапанов өзү анын дарегине коюлган айыптоолорго макул эмес, анын айтымында ал өз пикирин билдирген.

Автор өзүнүн китебинде кыргыздардын байыркы диний ишенимдерин изилдеп, диний кызматкерлер элге Аллахка ишенүүнү таңуулап жатат деп бүтүм чыгарган. Китепте журналист Курандагы акылман Кыдыр кудай болуп эсептелип, ал эми Аллах шайтан болуп калабы деп суроо салган.

Китептин жарыкка чыгышына нааразы болгон Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү башкы прокуратурага арыз жазышкан. Дин башкармалыгы Сапановдун китеби мусулмандардын диний баалуулуктарын кемсинтет деп билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: