Белгисиздер Бишкектин жаштар аллеясында DOXA ар-тобу орноткон «Көз караш» инсталляциясын сындып кетишкен. Милиция күнөөлүүлөрдү издеп жатат.

Фэйсбуктун колдонуучусу Александр Воробьев 18-сентябрда белгиздер «Көз караш» арт инсталляциясын талкалап кетишкенин жазган.

DOXA арт-бобунун мүчөсү Сергей Келлер Kloop.kgнин кабарчысына «бул күтүлгөндөй эле болгонун» айткан.

«Биз бул мындан да эрте болот деп ойлогонбуз. Албетте, жагымсыз, бирок андай деле өтө оор эмес, оңдоп койсо болот. Европада мындай көз айнекти дароо эле үчүнчү күнү сындырып коё жаздашкан. Менимче биз дагы жакшы кармалып турдук», — деди ал.

Сүрөтчүнүн айтымында, көз айнектин айнеги кимдир бирөө бир жерин кесип албашы үчүн атайын пластиктен жасалган.

Келлердин айтымында, арт топ көз айнекти кайра оңдойт, бирок качан экени белгисиз.

«Кайра оңдош керек, бирок азыр биздин жумуш көп. Билбейм качан бул нерсеге киришебиз», — деди сүрөтчү.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине билдиришкендей, милиция күнөөлүлөрдү издөө менен алектенип жатат.

Бийиктиги эки метр болгон көз айнекти өткөн жылдын июль айында DOXA арт-тобу орноткон.

Көз айнектин маңдайына туруп аны караганда «Өз укуктарыңды коргоо үчүн аларды билүү керек» деген абада калкыган жазууну көрүүгө болот. Ал 3D форматында таш плиткаларга кыргыз жана орус тилдеринде тартылган — көз айнек ал жазууларды туура ракурста көрүүгө жардам берет.

Арт- инсталляция адам укуктарын чагылдырган Youth Action Fund уюмунун колдоосу алдында, «Сорос — Кыргызстан» фондунун каржылык көмөктөшүүсү жана IDEA CA дебат ассоциациясынын буйрутмасы менен жасалган.

Долбоорду ишке ашырууга бир жарым айдай убакыт кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: