Нарын: Оорулуу малдын этинен үч адам күйдүргү жуктурду

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдиргендей, Нарын облусунун Байзак айылында үч адам күйдүргү жуктуруп алган. Айылда 14 күндүк карантин жарыяланып, жабыркандардын ден соолуктары чыңдалууда.

Маминспекицянын директору Калысбек Жумаканов Kloop.kgге билдиргендей, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбек айылында сентябрдын башында күйдүргү оорусунун чыгышы катталган.

Анын айтымында, 31-августта мал-жандыктары үчүн тазалык нормалары сакталбаганынан күйдүргү жугузган уй өлгөн.

Жумаканов ошол учурдан кийин уйдун ээлери болгон үч адам күйдүргү жуктуруп алышканын айтты. Уйдун ээлери анын өлүгүн жок кылуунун ордуна ветеринардык нормаларды бузуп, малдын союп салышкан. Алар этти тамакка кошуп жеп эле калбастан, аны сатып салышкан.

«Аларга жугуштуу этти таркатуу жана втеринардык нормаларды аткарбоо боюнча кылмыш иши козголду. Учурда милиция иликтөө жүргүзүүдө», — деди Жумаканов.

Айылда 14 күндүк карантин киргизилди. Доктурларга оору жугууга душар болуп калышы ыктымал болгон эл менен малдарды эмдөө жүргүзүү тапшырмасы берилди.

«Азыр коркунуч жок, ал үч адам дагы эмделип, учурда ден соолуктары калыбына келе баштады. Мал союлган жерге бетон куюлду. Ылаңдын айынан жакын жайгашкан аймакта жугушсуздандыруу жүргүзүлдү», — деди ал.

Кыргызстанда соңку жылдары 50дөн ашуун сибирь күйдүргүсүн жуктуруу учуру катталган. Адамдардын көпчүлүгү жугуштуу эт жегенден кийин ооруп калышкан.

Жалпысынын өлкө аймагында оорунун 554 очогу бар. Маминспекциянын кызматкерлери жыл сайын дыйкандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, аларга малдарды эмдөө боюнча кеңеш беришет.

Сибирь күйдүргүсү — малдардан адамдарга өткөн өтө коркунучтуу жугуштуу оору. Оору адамды шишитип, ички органдарды жара кылып, даарыланбаса өлүмгө дуушар кылат. Сибирь күйдүргүсү оттоп жүргөн малга оору жуктуруп, жерде жүз жылга чейин жашай алышы мүмкүн.

Сүрөт: Flickr, Tim Green.


ТЕМА БОЮНЧА: