Шайлоо-2017: Студенттерди бийликчил талапкерге добуш бергиле деп үндөгөн аудио жазма текшерилет

Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын мугалими бийликчил социал-демократтар (КСДП) партиясынан президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековго добуш бербеген студенттер окуудан чыгарылат деп коркуткан ыктымал аудио жазманы прокуратурага жөнөттү.

Боршайкомдун басма өз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, прокуратура үч күн аралыгында КМЮАнын мугалиминин катыштыгы бар делген ыктымал аудио жазмага юридикалык баа берет.

«БШКнын эки жумушчу тобу аудио жазманы карап чыгып, аны прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн текшерүүгө жөнөтүүнү чечишкен. Ага баа берилгенден кийин биз буга байланыштуу чечим чыгарабыз», — деп билдирди басма сөз кызматтын өкүлү.

Ыктымал КМЮАнын мугалими студенттер окуудан чыгарылат деп коркутуп жаткан аудио жазманы 14-сентябрда YouTubeда жарыялашкан.

Жазмада мугалим студенттерди окуу жайдын алдындагы шайлоо участогуна катталып, Сооронбай Жээнбековго добуш бергиле деп суранып жатканы тап-так угулуп турат.

«Былтыркы жылы биз [референдумда] добуш бергени барганда [Конституцияга түзөтүү киргизүүгө] каршы добуш бергендерди аныктаганбыз, бул нерсенин барын аныктаса болот. Учурда ошол керектүү добуш бергиси келбеген төрт адамдын окуудан чыгарылышы каралып жатат», — деп айткан ал.

Окку жайдын администрациясы журналисттер менен байланышуудан баш тартып, бүгүнкү күнгө чейин чуулуу аудио жазмага комментарий бере элек.

Укук коргоочулар 17-сентябрда «Биз коркпойбуз» деген аталышта флешмоб уюштуруп, студенттердин кысымга алынышына каршы чыгышкан.

Уюштуруучу Рита Карасартованын айтымында, мындай жол менен алар студенттердин коркутулушуна жана президенттик шайлоодо административдик ресурс колдонулушуна каршы пикир билдирип, студенттерге колдоо көрсөткүлөрү келген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Учурда өлкө башчылык кызматка 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: