Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов анын шайлоодогу атаандашы Сооронбай Жээнбеков жана өзгөчө кырдаалдар министри Кубатке Боронов менен чогу тартылган көрнөк үгүт эрежелерин бузуу болуп эсептелет деп чечти.

БШКнын жумушчу тобу 20-сентябрда Өмүрбек Бабановго эскертүү берүүнү чечти. Боршайкомдо Бабанов үгүт эрежелерин бузган деп эсептешет.

Сүрөт Бабановдун 2012-жылдын 22-мартындагы Ош облусунун Нура айылына болгон жумушчу сапарынын алкагында тартылган.

«Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков менен ӨКМдин министри тартылган сүрөт алардын уруксааты жок жарыяланган жана алардын намысы менен кадыр-баркына шек келтирет», — деп билдирди БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Мырзайым Камчыбекова.

Көрнөктөгү сүрөт Бабанов Кыргызстандын премьер-министрлик кызматын аркалап турган учурда тартылган, ал эми ал учурда Жээнбеков Ош облусунда өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткарып турган.

БШКнын мүчөсү Бахтияр Кадыровдун пикиринде, көрнөктүн мааниси президенттик жарыштагы анын атаандашынын эмес Бабановдун пайдасына жасалган.

«Сүрөттө кызматтык абалы бийик турган адамдын эки аткаминерге акыл-насыят айтуусу чагылдырылган. Ошондой эле бир талапкердин жүзү башка талапкерге үстөмдүк кылып турганы көрүнүп турат. Мен бул нерсени ушундай кабыл алдым жана башка шайлоочулар дагы ал [Бабанов] негизги, башкы жана жагымдуу болуп турат деп эсептешет», — деди Кадыров.

Бийликчил КСДП партиясынын президенттикке талапкери Сооронбай Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаева билдиргендей, Кубатбек Боронов учурдагы министр, ал мыйзам боюнча үгүт материалдарында болбошу керек.

«Көптөгөн талапкерлерде Бабанов жакшы эмес көрүнүп турган сүрөттөр бар, бирок аларды эч ким колдонгон жок», — деди Сманбаева.

Өз кезегинде Бабановдун өкүлү Эрик Ирискулбеков БШК Жээнбеков менен Бороновдун көрнөктөгү сүрөтү алар менен макулдашылганы же макулдашылбаганы боюнча чечим чыгарууга укугу жок экенин билдирди.

«Деги эле силердин Бороновдун кызыкчылыгын көрсөтүүгө ишеним кагаздарыңар барбы? Эгерде алар [Бороновдун өкүлдөрү] Жарандык кодекс боюнча дооматтарын айтып жатышкан болсо, анда алар бул жака кайрылбашы керек», — деди ал.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-өктябрда өтөт. Өлкө башчылык кызмаат үчүн жалпысынан 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: