Бабанов КТРК менен башка ЖМКларды «жалган» маалымат үчүн сотко берет

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун шайлоо алдындагы штабы Бабановду «каралаган» материалдарды таркатып атканы үчүн КТРК менен башка ЖМКларды сотко бере турганын билдирди. Штабдагылар кайсы маалыматтар үчүн сотко кайрылаарын такташкан жок.

Бабановдун штабы өзүнүн КТРК жана башка ЖМКлар менен соттошо тургандыктары жөнүндө билдирүүсүн 21-сентябрда жарыялашкан.

Штабдын өкүлдөрүнүн айтымында, КТРК телеканалы менен башка ЖМКлар «коомчулукту адаштырган жалган маалыматтарды» таратып жатышат.

«Коомдук телеканал үгүт кампаниялардын жүрүшүндө далилсиз, ойлоп чыгарылган факттардын негизинде президенттикке талапкерлердин бирин каралаганы — кыжырды кайнаткан факт», — деп айтылган билдирүүдө.

Мындан тышкары, штабда Бабанов тууралуу «жалган» маалыматтарды таратууну «президенттикке талапкерге карата жасалган кысым жана административдик ресурс колдонуу» деп аташты.

Бирок саясатчынын штабынан Kloop.kgнин кабарчысына КТРКнын даана кайсы материалы сотко кайрылууга себеп болгонун айта алышкан жок. Ошондой эле, кайсы ЖМКларга каршы арыз бере тургандыктарын такташкан жок.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында, ал Бабановдун штабы сотко кайрылганы даярданып жатканы жөнүндө уккан, бирок азырынча кайсы материал тууралуу сөз болуп жатканын билбейт.

«Качан бизге келип түшкөндө, биз аларга даана эмне жакпай калганын карайбыз. Ошондуктан мен таптакыр кайсыл сюжет, сюжеттеги кайсыл учур Өмүрбек Токтогуловичтин укугун бузганын билбейм. Жада калса азыр мен комментарий берчү эч нерсе жок», — деп айтты ал.

Бабанов ЖМКларга каршы

Президенттик шайлоого талапкер болуп чыккандан кийин Бабанов Боршайкомго беш кыргыз маалымат булагына каршы арыз менен кайрылылган. Алар argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org жана 24.kg.

Шайлоо штабынын кызматкерлери аталган басылмалардын макалалары Бабановду жаманатты кылат деп билдиришкен. Натыйжада БШК chagylgan.kg басылмасын аккредитациядан ажыраткан.

Ошондой эле саясатчынын өкүлү Эрик Ирискулбеков БШКга New TV телеканалына каршы арыз берген. Июль айынын соңунда каналда Кыргызстандын шайлоочулар ассоциациясынын төрагасы Бакыт Керимбеков менен болгон интервью чыккан.

«Ал Бабановду адабий тасманын каарманы Остап Бендер менен салыштырган. Эреже боюнча, Бендер калпычы жана шылуунду элестеттирет. Керимбеков аны элди алдаганга даяр турган, жада калса алардын белгилери да окшош деп Бабановду кыргыз Остап Бендери деп атаган», — деп айтылган арызда.

Бабанов 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоодо бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы деп эсептелет. Ал эми президенттик кызмат үчүн жалпы 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: