Казакстан Назарбаев менен Бабановдун жолугушуусу боюнча билдирүү жасады

Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын тышкы иштер министрлигин доматына «абдан таң калганын билдирди». Кыргыз тарап президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу — президенттик шайлоонун жыйынтыктарына казак тараптын таасир этүү аракети деп эсептеген.

Казакстандын ТИМи 20-сентябрда жооп катары берген катында Кыргызстандагы шайлоо процесттерине кийлигишип жатат деген дооматтарды «чечкиндүү түрдө четке каккан».

Казакстандын ТИМи президент Назарбаевдин «көрүнүктүү саясатчы жана саясий партиялардын жетекчилери» менен жолугушуулары дайыма болуп турганын айтты.

Жооп катары берилген нотада жолугушуу Бабановдун суранычы менен болгону жана «эл аралык тажрыйбага туура келээри» айтылган.

«Мындай иш чаралар ачык-айкын мүнөзгөө ээ жана жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат», — деп белгиленет маалыматта.

Казакстандын ТИМи август айында президент Назарбаев Астанада бул сыяктуу жолугушууну бийликчил КСДП партиясынын талапкери Сооронбай Жээнбеков менен дагы өткөзгөнүн эскертти.

«Аталган жолугушууларда Казакстандын президенти Кыргыз Республикасынын кайсы бир президенттигине талапкеринин пайдасы үчүн сөз сүйлөгөн эмес», — деп билдирди Казакстандын ТИМи.

Ведомствонун маалыматында Назарбаевдин жолугушууларынын максаты Кыргызстанда шайлана турчу ар бир саясатчы менен өз ара эффективдүү кызматташуусунда жатат деп айтылат.

«Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин бул нерсеге көңүл бургандыгы эки элдин туугандык каада-салт мамилелерине карама-каршы келет», — деп айтылган ТИМдин катында.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жалпысынан өлкө башчылык кызмат үчүн 13 талапкер ат салышууда.

Сүрөт: Sputnik


ТЕМА БОЮНЧА: