Парламент биринчи окууда кыргы-өзбек чек арасын тактоо боюнча келишимди кабыл алды

Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи окууда кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди кабыл алды. Талкуулоо жабык эшик артында өттү.

Чек аралар боюнча келишимди ратификациялоого катышып отурган 86 депуттатын ичинен 84ү макул деп добуш берди. Эми документ экинчи жана үчүнчү окуудан өтүшү керек.

Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо боюнча келишимге 5-сентябрда эки өлкөнүн президенттери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёев кол койгон.

«Эң башкысы саясий эрктин бар болгону менен келише ала тургандыгыбызга көзүбүз жетти», — деп айткан Атамбаев келишимге кол койгондон кийин.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 50 аймакта 200 чакырым жер тактала элек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр 2016-жылдын күзүндө Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Бул жыл аралыгында тараптар бир катар жолугушууларды өткөзүп, чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселелери боюнча дайыма сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келген, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.

Чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып турат.


ТЕМА БОЮНЧА: