Жээнбеков «24.kg» менен мурдагы депутатты сотко берди

КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков өз ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо үчүн «24.kg» басылмасы менен мурдагы депутат Кабай Карабековду сотко берди. Ал ар бир жоопкерден моралдык зыян катары 5 млн сомдон талап кылууда.

Жээнбеков Бишкектин Свердлов райондук сотуна Кабай Карабековдун «Сочиге сапары. Кремлге мураскери эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» макаласы үчүн сотко кайрылды. Макала 11-сентябрда «24.kg» басылмасынын сайтына чыккан.

Материалда кеп президент Алмазбек Атамбаевдин Сочиге Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууга барганы жөнүндө сөз болот.

Жээнбековдун штабынан билдиришкендей, арыз макаладагы төмөндөгү сөз үчүн берилген:

«Москва кыргыз тарапка кыргыздардын жана орустардын атайын кызматтарынын Жээнбековдун бир туугандарынын Арабиядагы радикалдуу уюмдары менен ыктымал тыгыз байланышы бар деген маалыматы тынчсыздандырып жатканын кыйытты. Анын ичинде Орусияда террористтик деп таанылган арабиялык "Социалдык реформа уюму" да бар».

Саясатчы автордун «... Жээнбековдун бир туугандарынын радикал араб уюмдары менен болгон тыгыз байланышы» жөнүндө сөзүн чындыкка коошпойт деп, анын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишмердик беделине шек келтирген деп таанууну талап кылууда.

Ошондой эле Жээнбеков моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн ар бир жоопкерден 5 млн сомдон талап кылууда.

«Арыздын өлчөмү жогорулатылган эмес. Кеп президенттик шайлоо жөнүндө болууда. Өлкөнүн келерки 6 жылдагы тагдыры жөнүндө. Талапкерге карата ушак таратууда», — деп билдирди штабдын начальниги Фарид Ниязов.

Басылмага карата арыз Боршайком Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлү Жылдыз Сманбаеванын «24.kg» басылмасын шайлоодо акредитациядан четтетүү боюнча суранычын карап чыккандан кийин берилген.

БШК басылманы аккредитациядан четтеткен жок, бирок макала сайттан алынган, ал эми «24.kg» Жээнбековго материалдарды жайгаштыруу үчүн акысыз аянтча берген.

Биринчи арыз эмес

Бул Жээнбеков мүчөлүгүнө кирген бийликчил социал-демократтар партиясы (КСДП) тарабынан «24.kg» басылмасына каршы берилген биринчи арыз эмес. Үстүбүздөгү жылдын жаз айларында КСДПнын юристтери басылма менен укук коргоочу Рита Карасартовадан 1 млн сомдон талап кылышкан.

Басылма укук коргоочунун төмөндөгү сөздөрүн жайгаштырган: Макалада «Алар саясатты оюн кылып алышты, кызматтарды оңго-солго сатып жатышат» жана «Аймактагылар бийликтин партиясына азуусун көрсөтүштү».

КСДПнын саясий кеңеши бул партиянын ишкердик беделин кемсинтти деп чечкен.

Бул боюнча сот аягына чыга элек.

Авторлошу: Ислам Розиев


ТЕМА БОЮНЧА: