Бишкек: «Көз караш» инсталляциясын кайра сындырып кетишти 

Белгисиздер экинчи жолу Бишкектин жаштар аллеясында орнотулган «Көз караш» арт-инсталляциясын сындырып кетишти. Шаар мэриясынан билдиришкендей, алар инсталляцияны калыбына келтире башташты, ал эми  милиция текшерүү жүргүзүүдө.

Бишкек мериясынан билдиришкендей, алар инсталляцияны оңдоо үчүн кызматкерлерди жөнөтүшкөн. Милиция шаарга көрк берген арт-инсталляцияны бузган белгисиздерди издеп жатат.

Буга чейин дагы «Көз караш» арт-инсталляциясы бүлдүргүчтүктүн объектиси болгон. 18-сентябрда белгисиздер анын көз айнегин сындырып кетишкен. Мэриянын кызматкерлери эртеси күнү аны кайра калыбына келтиришкен.

Мурдараак DOXA арт-тобунун мүчөсү Сергей Келлер Kloop.kgнин кабарчысына «бул күтүлгөндөй эле болгонун» айткан.

Бирок шаар милициясынан атайылап зыян келтирүү боюнча маалымат тастыкталбаганын билдиришкен. Алардын айтымында, көз айнектин оправасы жарака кеткендиктен анын айнеги жерге кулап кеткен.

Бийиктиги эки метр болгон көз айнекти өткөн жылдын июль айында DOXA арт-тобу орноткон.

Көз айнектин маңдайына туруп аны караганда «Өз укуктарыңды коргоо үчүн аларды билүү керек» деген абада калкыган жазууну көрүүгө болот.

Ал 3D форматында таш плиткаларга кыргыз жана орус тилдеринде тартылган — көз айнек ал жазууларды туура ракурста көрүүгө жардам берет.

Сүрөт: «Кабарлар»


ТЕМА БОЮНЧА: