Бишкек — Кара-Балта жолун кеңейтүү үчүн эки миңдей бак-дарак кыйылды

Бийлик Бишкек — Кара-Балта авто жолун реконструкция кылуу үчүн дээрлик эки миң бак-даракты кыйды. Жалпысынан үч миң бакты кыйып, алардын ордуна төрт миңдей көчөт отургузууну пландап жатышат.

Жол транспорт министрлиги билдиргендей, Бишкек — Кара-Балта жолунда 1 миң 905 бак-дарак кыйылды.

Бийлик жалпысынан жолдун жээктериндеги үч миң бак-даракты кыйып, алардын ордуна төрт миңден ашуун көчөт отургузууну убада кылууда.

Оңдоодон өтө турган жолдун участогунун жалпы узундугу 52 чакырымды түзөт.

Бишкек — Кара-Балта жолун реконструкция кылуу үчүн Азия өнүгүү банкы 100 млн доллар өлчөмүндө насыя менен грант бөлгөн. Кыргызстан тарабынан кошумча каржылоо 28 млн долларды түздү.

Жолдуу оңдоо иштерин Кытайдын «Чайна Рейлвей» компаниясы жүргүзүүдө.

Жолдорду оңдош үчүн бактардын кыйылышы

Өлкөн бийлиги жолдорду оңдоо жана кеңейтүү максатында бир нече жолу бак-дарактарды кыйган.

Ысык-Көл облусунда 2016-жылдын июнь айында Балыкчы-Корумду жолун оңдош үчүн жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү максатында Раппопорт аллеясындагы бактарды кыйышкан. Анда бийлик жалпысынан 704 терек менен каражыгачтарды кыйган.

Алар 2017-жылдын мартында жаңы аллея отургузууну убада кылышып, талкууга бир нече долбоорду алып чыгышкан. Азырынча ал жакта жаңы бак-дарактарды отургузуу иштери баштала элек.

Эң эле масштабдуу жоготууга Бишкектин бак-дарактары дуушар болууда. Шаарда соңку жарым жылда жолдорду кеңейтип оңдош үчүн 800дөн ашуун бак кыйылган. Дагы 49 көчөдө реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн кошумча жети миңге жакын бактардын кыйылышы пландалууда.

Бийлик кыйылган бактардын ордуна 11 миң көчөт тигип берүүнү убада кылууда.

Экологдордун айтымында, көп жылдык кара жыгачтар менен эмендерди кыйышып, шаарга дайыма кооз декоративдик өсүмдүктөрдү тигишет, бирок алар абанын сапатын жакшыртпайт. Борбордо калган жашыл фонд абаны аралашма зыяндуу заттардан тазалаганга алы келбейт.


ТЕМА БОЮНЧА: