Бишкек: Жол талашкан эки айдоочунун бирөөсү экинчисин атып салган

Эки айдоочу Ахунбаев менен Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде жол талашып кетишкен. Кайым айтышуу учурунда алардын бирөөсү пневматикалык тапанча менен экинчисин атып салган.

Окуя 21-сентябрь күнү Ахунбаев менен Жукеев Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, «Мерседес» менен «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаалардын айдоочулары жол талашып кетишкен.  

«Кайым айтышуу чыгып, натыйжада "Хонданын" айдоочусу "Мерседести" башкарган адамды атып салган», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

«24.kg» басылмасынын маалыматына ылайык, жабыркаган адам оң жактагы ийининен жаракат алган.  

Азырынча ок чыгарган адамдын тапанча колдонууга болгон уруксааты менен документинин бар жогу белгисиз.

Милиция тергөө амалдарын жүргүзүүдө, ал эми прокуратура ок чыгарган адамдын иш-аракеттерине юридикалык баа берүүнү даярдап жатышат.


ТЕМА БОЮНЧА: