Токмок: Милиция терракт уюштурууга камынып жаткандарды кармады

ИИМ менен УКМК Кыргызстандын президенттик шайлоосунда терракт уюштурууну көздөгөн Токмоктун үч тургунун кармады. Укук коргоо органдарынын айтымында, кармалгандардан экстремисттик мүнөздөгү китеп менен жардыргыч табышкан.

Укук коргоо кызматкерлери кармалгандардын үчөөсү тыюу салынган экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү деп айтышууда, бирок так кайсыл уюмдар экенин ачыкташкан жок.

ИИМдин маалыматына ылайык, эки эркек киши менен бир аял келерки президенттик шайлоодо терракт уюштурганы жатышкан.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, тинтүү учурунда кармалгандардан экстремисстик китептер, видеоматериалдар, жардыргычтар жана ок атуучу куралдар табылган.

Шектүүлөр тергөө изоляторуна камакка алынып, аларга «Улуттук, диндик же аймактар аралык кастыкты козутуу» жана «Ок атуучу курал жарактарды мыйзамсыз сатып алуу, өткөрүп берүү жана сактоо» беренелери боюнча кылмыш иштери козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: