Шайлоо-2017: Төрөбаев  «Ала-Тоо 24» менен «Кабарларды» чагымчылдыкка күнөөлөдү

Бакыт Төрөбаевдин штабы «Ала-Тоо 24» телеканалы менен «Кабарлар» сайтын аккредитациядан ажыратууну талап кылды. Президенттикке талапкердин пикиринде, ЖМК «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын ыктымал өкүлү жөнүндө чындыкка коошпогон видеону таратып жиберген.

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаевдин борбордук штабы билдиргендей, «Ала-Тоо 24» менен «Кабарлар» жарыялаган видео — чагымчылдык жана «Өнүгүү-Прогресс» партиясына тиешеси жок.

«Пайда болушу шектүү болгон тасманын өтө тездик менен жайылтылып жана КТРК борбордук телеканалда көрсөтүлүшү, КР Президенттик кызмат ордуна талапкер Бакыт Төрөбаевдин кадыр баркына доо келтирүү үчүн жасалып жаткан атайын иш-чара деп кабыл алуудабыз», — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Төрөбаевдин ыктымал өкүлү акча берип шайлоочулардын персоналдык маалыматтарын билүүнү аракет кылганы тартылган видео 23-сентябрда жарыяланган.

«Кабарлар» сайтында видео «Онүгүү партиясынын агитаторлору акча таратып жаткан видео чыкты» деген аталышта жарыяланган.

Саясатчынын штабынын билдиргенине ылайык, ошол эле күнү кечинде «Ала-Тоо 24» телеканалы «Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алып жатат» деген аталышта видеону көрсөтүшкөн.  

Ал эми «Кабарлар» сайтында видео алынып салынган, бирок ал коомдук барактарда сакталып калып саясий тайпаларда жарыяланууда.

Төрөбаевдин штабы КТРК коомдук каналдан толугу менен «Кыргызстандын жарандарынын коомдук пикирин бурмалоого багытталган саясий инструментке айланып калды» деп билдирүүдө.

«Биз, аталган видеотасманы КТРК каналында көрсөтүлүүсүнө укуктук баа берүү жана КТРК каналы менен "Кабарлар" сайтынын аккредитацияларын жокко чыгаруу боюнча Борбордук Шайлоо Комиссиясына атайын арыз менен кайрылабыз», — деп билдиришти талапкердин штабынан.

Борбордук шайлоо комиссиясы Төрөбаевдин арызын карап чыгып, жакынкы күндөрү жарыяланган видео тасмага укуктук баа берет.

Азырынча КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков менен байланышка чыгууга мүмкүн болгон жок.

ЖМКларга каршы арыздануу

Төрөбаев Боршайкомго ЖМКларга каршы арыз берген жалгыз президенттикке талапкер эмес.

Буга чейин 21-сентябрда президенттикке талапкер Бабановдун шайлоо алдындагы штабынан КТРКны саясатчыны «каралаган» маалымат тараткандыгы үчүн сотко беришээрин билдиришкен. Бирок азырынча саясатчынын штабы даана кайсы материал сотко кайрылууга себеп болгонун тактай элек.

Мындан тышкары, президенттикке талапкер Бабановдун өкүлдөрү Боршайкомдон «Вечерний Бишкек» басылмасын шайлоодо аккредитациядан ажыратууну талап кылышкан.

Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлү Эрик Ирискулбеков Kloop.kgнин журналистине курган маегинде, басылмага жарыяланган «Жаңжалдуу "Коопсуз Шаар" же Талапкер эмне жөнүндө үндөбөй жатат (О чем молчит кандидат?)» деген материалдар чындыкка дал келбегенин билдирген.

«Ал [макала] көзкөрүнөө такталбаган маалыматты билдирет. Долбоордун ишке ашпай калуусуна жолтоо болгон адамдар, объективдүү себептер болгон. Бирок бул нерседе Бабановдун күнөөсү жок болчу. Мына ушул нерсени алар бурмалап жатышат», — деген Ирискулбеков.

Мурдараак Бабанов президенттик шайлоого талапкер болуп чыккандан кийин Боршайкомго беш кыргыз маалымат булагына каршы арыз менен кайрылылган. Алар: argument.kg, gezitter.org, chagylgan.kg, tikenek.org жана 24.kg. Бабановдун өкүлдөрү бул басылмаларды «жалгандык» менен «кастыкты козутууга» айыпташкан.

Бийликчил партия КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотуна кайрылган. Ал өз ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо үчүн «24.kg» басылмасы менен мурдагы депутат Кабай Карабековду каршы арыз берген.

Кабай Карабеков. Сүрөт: Азаттык

Доомат «24.kg» сайтынын «Көз караш» рубрикасындагы «Сочиге сапар. Кремлге мураскер эмнеси менен жакшы экенин кайрадан түшүндүрүшөбү?» деген макалага тийиштүү болгон.

Карабеков өзүнүн макаласында Жээнбековдун бир туугандарынын Арабиянын радикалдуу уюмдары менен байланышы бар деп жазган. Президенттикке талапкер жоопкерлерден материалды төгүнгө чыгаруу менен моралдык зыян катары 5 млн сомдон талап кылган.

Президенттик шайлоо 15-өктябрда өтөт. Ал эми президенттик кызмат үчүн жалпы 13 талапкер ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: