Шайлоо-2017: Төрөбаев КТРКнын теледебатына катышуудан баш тартты

Президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын акысыз эфирдик саатына чыгуудан баш тартты. Саясатчынын оюнча, телеканал анын беделин «каралоону» көздөөдө.

Төрөбаев мыйзам боюнча 15 мүнөттүк акысыз берилген эфирден жана КТРКдагы президенттикке талпкерлердин теледебаттарына катышуудан баш тартты.

«КТРКнын жетекчилиги өз эфиринде бир тараптуу түрдө маалымат саясатын жүргүзүүдө, анын максаты президенттикке талапкер катары менин саясий беделимди каралоо болуп эсептелет, мен КТРКнын эфирин бойкот кылууну чечтим», — деди ал.

Төрөбаевдин айтымында, КТРК менен кызматташуунун «мааниси жок», анткени телеканал «көз карандысыз болууга жөндөмсүз». Саясатчы бардык талапкерлерлерди, активисттерди жана коомдук ишмерлерди «КТРКны бойкот кылууга» чакырды.   

КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, азырынча Төрөбаевден эфирден баш тартууга расмий билдирүү ала электигин айтты.

«Мага эртең менентен баштап эле кара пиар, ишеним көрсөтпөө жөнүндө айтып жатышат. Бирок чынында эле бул нерсе талапкерлерди жакшы жагынан көрсөтпөйт деп ойлойм, анткени мен бир дагы конструктивдүү дооматты көрө элекмин. […] Бирок биз бул маселе боюнча териштиребиз», — деди ал.

«Чагымчыл сюжет»

Төрөбаев КТРКнын түзүмүнө кирген «Ала-Тоо 24» маалыматтык телеканалынын эфиринде саясатчынын штабы тарабынан шайлоочуларды сатып алуу жөнүндө сюжет көрсөтүлгөндөн кийин телеканал менен кызматташуудан баш тарткан.

«Төрөбаевдин үгүтчүлөрү шайлоочуларды сатып алып жатат» деген аталыштагы сюжетте Төрөбаевдин ыктымал өкүлү акча берип, жарандардын жеке маалыматтарын билүүнү аракет кылып жатканы көрсөтүлгөн.

Төрөбаевдин штабынан билдиришкендей, видео чындыкка коошпойт жана ал «чагым үчүн жалган адамдардын катышуусу менен» тартышкан.

Саясатчынын штабынын өкүлдөрүнүн пикиринде, «чагымчыл сюжеттин» чыгарылышы Төрөбаевдин ар-намысына шек келтирет.

Төрөбаев шайлоодо КТРКны аккредитациядан ажыратууну талап кылган. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкердин арызын карап чыгууну убада кылган.

Буга чейин КТРКга арызданып башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов БШКга кайрылган, ал дагы телеканалды жалган маалымат таратуу жана «каралоо» боюнча күнөөлөгөн. Ал КТРКны сотко бергени жатканын билдирген.

Бабанов менен Төрөбаев президенттик шайлоого катышуу үчүн сентябрдын ортосунда биригишкен.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого учурда 13 адам ат салышууда.


ТЕМА БОЮНЧА: