Бишкек: Өз ымыркайын өлтүрүүгө шектелген аял изолятордо асынып өлдү

Жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган аял Бишкек милициясынын убактылуу камоо изоляторунда асынып өлгөн. Буга чейин анын ымыркайынын денесин борбордун жаңы конуштарынын биринде таштанды салган челектен табышкан.

Аялдын жансыз денесин 23-сентябрда Бишкек ШИИБнин изоляторунда табышкан. Милициянын басма сөз кызматынан Kloop.kgге билдиришкендей, ал аял өзүн-өзү өлтүргөн.

Окуянын чоо жайы азырынча белгисиз. Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, бул факт боюнча экспертиза дайындалды.

Каза болгон аял өз ымыркайын өлтүрүүгө шектелип жаткан. Ымыркайдын денеси 14-сентябрда Киркомстромдун аймагында таштанды салгыч челектен табылган. Бир жума өтүп милиция баланын энесин кармап, убактылуу камоо жайына бекиткен.

Ага каршы «Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон, аны үч жылга чейин эркинен ажарытуу каралып жаткан.


ТЕМА БОЮНЧА: