Орусиялык ишкер аял «Мегакомду» 13,5 млрд сомго сатып алууну ниет кылууда

Орусиялык ишкер Елена Нагорная «Мегаком» байланыш операторун 13,5 млрд сомго сатып алынууну ниет кылууда. Маммүлк фонду ал менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Маммүлк башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аларга орусиялык Елена Нагорнаядан сунуш түшкөн. Алардын айтымында, бул «Мегакомду» сатып алуу боюнча жалгыз сунуш болгон.

Елена Нагорная — Африкадан орусиянын базарына азык-түлүктөрдү ташыган «Кени» компаниялар тобунун жетекчиси.

«Сатып алуу боюнча билдирме 25-сентябрда келип түшкөн. Бул байланыш операторун сатып алуу боюнча жалгыз сунуш болгон», — деп билдиришти Маммүлк фондусунан.

Маммүлк фондусунун комиссиясы анын сунушун карап чыгып, талапкердин төлөөгө жөндөмдүүлүгүн тастыктады. Учурда ыктымал сатып алуучу менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат.

Маммүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаков божомолдогондой, «Мегаком» Нагорнаяга сатылышы ыктымал. Анын айтымында, ал Орусияда бир катар компанияларга ээлик кылат, бирок так кайсы компаниялар экенин ачыктаган жок.

«Ал бардык шарттарга макул. Мен ал менен эртең менен сүйлөштүм, ал компаниялары бар экенин жана оффшордогу эмес расмий каражаттары бар экенин айтты», — деди Казаков.

«Мегакомдун» баасы 13,5 млрд сом экенине карабастан Нагорная «Мегаком» үчүн 14,5 млрд сом төлөшү керек болот. Ага жалпы сумманын жети пайызынын 1 млрд сому комиссиялык төлөм катары кошулат.

Мындан тышкары, ал компаниянын бардык соттук иштери боюнча жоопкерчиликтерди өзүнө алууга милдеттүү.

«Мегакомдун» соттук иштери

Орусиялык Penwell компаниясы августта Кыргызстандын өкмөтүнөн «Мегакомду» мыйзамсыз басып алуу үчүн 200 млн доллар талап кылган.

Компаниянын өкүлдөрү 2006-жылы «Мегаком» алардын каражатына түзүлгөнүн айтышууда, ал эми 2008-жылы операторду Максим Бакиев рейдерлик жол менен тартып алгандан кийин Penwell компанияда өзүнүн үлүшүн жоготуп алган.

Маммүлк фондунун башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Penwell компаниясынын эл аралык сотко кайрылуусу үчүн эч кандай юридикалык далилдери жок.

«Альфа Телеком ("Мегаком" байланыш операторун)» компаниясын 2016-жылдан бери сата албай келишет, компаниянын баштапкы баасы 19 млрд сом деп белгиленген.

Бирок, компанияны сатуу боюнча үч жолку аукциондо сатып алуу үчүн бир дагы билдирме түшкөн эмес. Ошол себептүү анын баасы 13,5 млрд сомго төмөндөтүлгөн.

Ошондон кийин Мамлекеттик мүлк башкаруу фонду байланыш операторун түз сатуу ыкмасы менен сатыкка чыгарууну чечкен.

«Мегаком» Кыргызстандагы үч ири байланыш операторунун катарына кирет. Ал үч миллиондон ашуун абонетти тейлейт жана дээрлик бүткүл өлкө аймагын камтыйт.

Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырган. Андан төрт жыл өткөндөн кийин «Мегаком» толугу менен мамлекеттин карамагына өткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: