Коомчулукта президенттикке талапкерлердин айрымдарынын үгүтчүлөрү жарандардын паспорт көчүрмөсүн чогултуп жатканы айтылууда.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Материалдын автору: Токтосун Шамбетов.

Муну шайлоочулардын өз укуктарын билбестигинин кесепети деп баалаган байкоочулар үгүттүн паспорт көчүрмөсүн чогултуу ыкмасы добуштардын сатылышына жол берип жатат деп тынчсызданышууда. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды өз документтерин эч кимге бербөөгө чакырууда.

Бул жолку шайлоодогу үгүт кампаниясы мурункулардан көп деле айырмаланбады. Айрыкча жарандардын паспортунун көчүрмөлөрүн жыйноо үгүтчүлөрдүн өзгөртүлгүс ыкмасы өңдөнөт.

Шаар тургуну Нуркыз Орунбай кызы паспортунун көчүрмөсүн сураган үгүтчүлөрдөн тажаганын айтат. Кала берсе кээде документтин көчүрмөсү үчүн акча сунуштагандар болгонун айтууда. Нуркыз үгүтчүлөр шайлоочунун паспорт көчүрмөсүн эмне кыларын түшүнө бербейт.

- Мага кайрылгандар, кошуналарыма келгендер ачык эле акча берет экен деп айтып жатышат. Үгүт иштерин кызуу жүргүзүп жаткан талапкерлердин кишилери ачык эле айтып паспортторду жыйнап кетип жаткандарын көрдүм. Андан сырткары мектепте иштеген курбуларым бар. Аларга да башкалардын паспорттун алып келгиле деп жатышыптыр. Анан өзүмдөн сурагандар да толтура.

Жарандардын паспортун адатта үгүтчүлөр чогултушат. Алар убактылуу иштеген студенттер, мугалимдер, көчө башчылары болушу мүмкүн. Ал эми шайлоочулардын паспортунун көчүрмөлөрү эмнеге керек? Жалпак тил менен айтканда, талапкердин аймактагы ишенимдүү өкүлдөрүнө үгүтчүнүн "баланча үйдү, түкүнчө шайлоочуну кыдырдым" деген далил кагазы катары керек. Себеби мындай жумушчулардын акысы канча үйдү кыдырып, канча адамга үгүт жасаганына жараша төлөнөт.

Ошондой эле чогултулган паспорттордун көчүрмөлөрүнүн санын талапкердин добушу катары санаган, “эми биз айткан гана талапкерге добуш бере аласыз” деп чочуткан үгүтчүлөр дагы бар. Буларды "Азаттыкка" шайлоолордо дайыма үгүтчү болуп жүргөн атын атагысы келбеген адам айтып берди.

- Эми биз шайлоочулардын паспортун кепилдик катары алып калабыз. Анан штабга барганда "ушунча киши бизге салат" деп беребиз. Анан ошого жараша акча алабыз. Бул дайыма эле болуп келген, боло берет.

Мамкаттоо: үгүтчүлөргө паспортту бербегиле

Адистер шайлоо маалында добуш берүүчүлөрдүн документтеринин көчүрмөсүн чогултуу сыяктуу көрүнүштөргө көңүл бурулбай жатканына тынчсызданышат. Бул жөнөкөй үгүт ыкмасы катары сезилгени менен добуштардын сатылышына жол берилип, жарандарды тандоо жасоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратышы мүмкүн.

"Демократия жана жарандык коом" коалициясынын өкүлү Динара Ошурахунова шайлоочулардын сабатсыздыгын жоюуда БШКнын аракети байкалбай жатканын сынга алды.

- Эртең анын паспортун бирөө жаман ишке пайдалансачы? Мындан коркушпайт, бирок паспортун берип коюп, "ага добуш бербесем жаман болот" деп коркушат. Элдин керек нерседен коркпой, жөнөкөй нерседен корккону өкүнүчтүү. Бул жерде БШКнын ролу чоң, ушул жерден шайлоочуларга көбүрөөк маалымат бериши керек болчу.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы мындай фактылар боюнча арыздар түшө электигин маалымдады. БШКнын маалымат бөлүмүнүн өкүлү Анарбек Абасбеков жарандарды паспортунун көчүрмөсүн бербөөгө жана үгүтчүлөрдүн ар кандай мыйзамсыз аракеттерин тийиштүү органдарга кабарлоого чакырды:

Массалык түрдө паспорттор чогултулууда деп айтылып жатат. Биринчиден, эч кимдин паспорт чогултканга акысы жок. Жарандар эч кимге паспортун бербеши керек. Эгерде көчүрмөсүн берип салсаңар, “биз силердин паспортуңардын көчүрмөсүн алдык, эми бул талапкерге гана шайлагыла, биз билип коебуз” десе ишенбегиле. Ар бир шайлоочунуку жашыруун жүргүзүлөт, аны билүү мүмкүн эмес.

Дегенге карабай айрыкча аймактарда паспортун көчүрмөсүн жыйноо кызуу жүрүп жаткандай. Муну социалдык тармактардагы талкуулар дагы айгинелейт. Бирок азырынча фото, видео менен далилденген фактылар чыга элек.

15-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоо учурунда талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номурларды бербеш керектигин эскерткен.

"Добуш берүүгө шайлоочу кадимки ID паспорт менен да, алмаштырылган жаңы паспорту менен да киргизилет, айырмасы жок" деп маалымдаган Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүнүн аты-жөнүн шайлоочулардын тизмесинен кечикпей текшерүүгө да үндөгөн. Бул үчүн жарандар өздөрү катталган участкалык шайлоо комиссиясына барып же БШКнын расмий сайтынан биле алышат. Мындан тышкары акысыз 119 номуруна түз чалып да билүүгө болот. Ушул эле номурга СМС билдирүү жиберүү аркылуу да аты-жөнү шайлоочулардын тизмесинде бар-жогун аныктай алышат деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Шайлоого 50дөн ашык адам талапкерлигин коюп, мыйзам талаптарына жооп берди делген 13 жаранды БШК расмий каттаган. Учурда өлкө аймагында үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.