Шайлоо-2017: Ташиев президенттик жарыштан чыкты

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-сентябрда Камчыбек Ташиевдин президенттик кызматка талапкерлигин каттоону токтотконун тастыктады. Ташиев президенттик кызматка күрөшүүнү токтотуу боюнча арызын 25-сентябрда тапшырган.

БШКнын жыйынында 26-сентябрда Камчыбек Ташиевди өлкөнүн президенттик кызматына талапкер катары каттоону токтотуу чечими кабыл алынган, анткени саясатчы бул боюнча өзү арыз ташпырган.

Буга чейин Ташиев бийликчил партия КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековду колдой турганын билдирип, оппозициядан кетүүнү убада кылган.

Ташиевдин айтымында, ал бул нерсени өлкөнүн «тынчтыгы менен туруктуулугу» үчүн кылган.

Башка саясатчылар менен биригүү

Август айында Ташиев президенттикке үч талапкер Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Бакыт Төрөбаев менен «Кайра Жаралуу» партиясынын алдында бириккен.

Саясатчылар шайлоодо партиянын атынан бирдиктүү талапкерди чыгара тургандыктарын билдиришкен.

Бирдиктүү талапкердин аты атала турган жаңы партиянын съезди 11-сентябрга белгиленген болчу.

Бирок Төрөбаев жаңы биримдиктин курултайы болбой калганын жана бирдиктүү талапкер чыкпасын билдирген.

Кийинчерээк Төрөбаев башка президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов менен бириккен, ал эми Боршайком Келдибековду соттолгондугу жоюла электигине байланыштуу президенттикке талапкер катары каттоодон баш тарткан.

Мадумаров Бабанов жана Сариев менен биригүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жарыялаган.

Оппозициялык ишмердик

Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы ыңкылапка чейин эң башкы оппозициячыл саясатчылардын бири болгон, ага чейин ал өзгөчө кырдаалдар министринин кызматын аркалаган.

Анын «Ата журт» партиясы 2010-жылы парламенттик шайлоодо күтүүсүздөн биринчи орунду ээлеген, бул нерсе ага депутат болууга шарт түзгөн.

Ташиев улуттук мүнөздөгү чакырыктары менен белгилүү, мисалы, ал өкмөт башчылык кызматка «таза кандуу кыргыз» дайындалышы керек деп билдирген.

Саясатчы 2012-жылдын октябрь айынын башында Бишкекте өзүнүн тарапташтары менен Ак үйдүн жанында Кумтөрдү улутташтыруу үчүн митинг өткөргөн.

Парламенттин имаратына кирүү аракети болгондо каршылык акциясына чыккандарды укук коргоо органдарынын кызматкерлери кубалап жиберген.

Ташиевди бийликти басып алуу аракетин көргөнү боюнча күнөөлөшкөн. Сот аны «Бийликти күч менен басып алуу же бийликти күч менен кармап туруу» беренеси боюнча 1 жыл 5 айга түрмөгө кескен.

Бирок саясатчы эркиндикте калган, анткени анын камакта кармоо убактысы бүтүп калган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда Ташиевди депутаттык укуктарынан ажыраткан.


ТЕМА БОЮНЧА: