Эки турист Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен

Америка менен Израилден келген туристтер Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек коругунда адашып кетишкен, алардан куткаруу сигналы (SOS) келип түшкөн. Кийинчерээк жергиликтүү тургундар бутунан жаракат алган америкалыкты табышып, ага жардам көрсөтүшкөн. Ал өзүнүн Израилден келген шериктеши жоголуп кеткенин билдирген. Учурда аны куткаруучулар издеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 23-сентябрда чет элдик туристер байланышка чыкпай калышканын билдирген. Кийинчерээк коруктун кызматкерине туристтерден куткаруу сигналы (SOS) келип түшкөн.

«Кактус» басылмасынын маалыматына ылайык, америкалык турист жардан учуп кетип бутунан жаракат алган. Ага жергииктүү тургундар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.  

Бирок америкалык турист, өзүнүн израилдик шериктешин таба албай жатканын билдирген. ӨКМден билдиришкендей, куткаруучулар жоголуп кеткен кызды издеп жатат.

ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, бардык туристтик топтор саякатка чыгуу алдында жергиликтүү бийлик менен куткаруучуларга билдирме жасоолору керек болчу, бирок алар бул нерсени кылышкан эмес.

Сары-Челек — Жалал-Абад облусунда өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагы болуп эсептелет. 1979-жылы Сары-Челек ЮНЕСКОнун биосфералык баалуу коруктарынын катарына киргизилген.