Бишкек: Сот активисттерге «Таза шайлоо үчүн» жөө жүрүш өткөрүүгө тыюу салды

Бишкектин Октябрь райондук соту активисттерге «Таза шайлоо үчүн» тынчтык жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салды. Сот өзүнүн тыюуусун президенттик шайлоого даярданууга байланыштуу деп түшүндүрдү.

Жөө жүрүш 30-сентябрда Бишкекте өтүшү керек болчу. Бирок 26-сентябрда Бишкектин Октябрь райондук соту жөө жүрүштү өткөрүүгө тыюу салган.

«Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрынан 20-октябрга чейин президенттик шайлоону өткөрүү учурунда Октябрь районунун бардык жолдорунда ар кандай иш чараларды анын ичинде тынчтык акцияларын, жөө жүрүштөрдү өткөзүүгө тыюу салынат», — деп айтылган соттун чечиминде.

Сотто 2017-жылдын 20-октябрына чейин ар кандай массалык акцияларга тыюу салуу боюнча Биринчи май райондук сотунун тескемесине таянышууда.

Жөө жүрүштүн уюштуруучуларынын бири жана КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы башчысы Ренат Самудинов соттун чечимин «мыйзамсыз» деп атады.  

«Алар бул нерсени биз шаар кыдырып басып өтө албашыбыз үчүн эле атайын кылышты. Райондук соттун токтомун мыйзамсыз жана антиконституциялык деп эсептейм, анткени мыйзам боюнча сөз эркиндиги чектелбеши керек», — деди Самудинов Kloop.kgге курган маегинде.

Активисттер жөө жүрүштүн ордуна 30-сентябрда Ахунбаев менен Шабдан-Баатыр (мурдагы Алама-Ата) көчөлөрүнүн кесилишиндеги бакчада тынчтык митингин өткөрүүнү чечишти.

«Биз адилетүү, добуштарды сатып алуу үчүн административдик ресурс колдонбоо талабы менен шайлоо өткөрүүнү талап кылып митинг өткөрөбүз», — деди Самудинов.

Буга чейин Самудинов башында турган активисттердин тобу административдик ресурс колдонууга каршы акция өткөргөн. Алар 22-сентябрда келерки президенттик шайлоодо студенттерди административдик ресурстун таасирине калбоого үндөш үчүн Бишкектин үч мамлекеттик жогорку окуу жайын кыдырып чыгышкан.

Бирок бардык үч окуу жайда тең активисттерди университеттердин кампустарына киргизбей коюшкан. Алар бул нерсени «окуунун жүрүшүн бузушат» деп түшүндүрүшкөн. Ошондой эле университеттердин өкүлдөрү алардын окуу жайларында административдик ресурс колдонулбаганын билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: