ӨКМдин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. ӨКМдин кызматкерлери күйүүчү май сатып алуу үчүн жарыяланган тендерде бааны жогору көрсөткөн компанияны «мыйзамсыз түрдө» жеңүүчү деп аныкташканы үчүн айыпталышууда.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, ӨКМдин кызмат адамдары конкурска арзан баа сунуштаган май ташыган башка катышуучулардын билдиримдерин «негизсиз» кабыл албай коюшкан.

Мындан тышкары, келишимде алдын ала төлөм берилиши керек экени көрсөтүлбөгөнүнө карабастан ӨКМДин кызматкерлери тендерде утуп алган компанияга 8 млн сом өлчөмүндө алдын ала төлөм которушкан.

Ошол эле учурда компания аталган мекемеге болгону 5,2 млн сомго гана күйүүчү май ташыган.

«Бирок арадан 5 ай өтсө деле күйүүчү майдын калган бөлүгү мекемеге алып келинген эмес. Натыйжада ӨКМдин кызмат адамдарынын укуктук ченемдерден тышкары чыккан иш-аракеттеринен улам, мамлекетке өтө эле ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдиришти башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан.

Аскер прокуратурасы ӨКМдин кызмат адамдарына «Мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келишим түзүү» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.  

Ошондой эле, компаниянын кызматкерлерине каршы «Алдамчылык» жана «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шериктеш болуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: