Мэрия 2020-жылга чейин Бишкектин аймагын кеңейтүүнү пландап жатат

Бишкекти батыш менен чыгыш тараптарынан кеңейтүү планы шаарды 2017-2020-жылга чейин өнүктүрүү долбоорунда жазылган. Борборду кеңейтүүнүн негизги себеби — калктын санынын тынбай өсүп жатканында.

Өнүктүрүү планына ылайык, Бишкектин чек аралары батыш менен чыгыш тараптарында кеңейтилет — ал жакта жаңы имараттарды куруу пландалууда.

Бишкектин бийлиги учурдагы Сокулук менен Аламүдүн райондорун борборго кошуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бишкекти түндүк менен түштүк тараптарын кеңейтүүгө тыюу салынган, анткени борбордун түндүктөгү райондору 10 балл сейсмикалык, ал эми түштүк бөлүгү тектоникалык жарылуу аймактарында жайгашкан.

Бийлик борборду кеңейтүүнүн негизги себеби калктын тынбай өсүп жатканына байланыштуу деп айтууда.

Бишкектин калкынын саны 2017-жылдын январына карата 1,1 млн адамдан ашкан. Божомолдор боюнча, 2020-жылга чейин бул сан 1,2 миллионго чейин өсөт.

«Бул шаардын милдеттерине кысымдын өсүшүнө алып келет жана бул боюнча азыртадан ойлонуп баштоо керек», — деп айтылат документте.

Бирок борбордун чек араларын кеңейтүү иш чараларынын башталышы боюнча так мөөнөттөр ачыктала элек. Учурда Бишкектин чек арасы 160 чарчы чакырымды түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: