Ош облусу: Беш жашар бала кичи автобустан секирип кетип каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жолдо беш жаштагы бала кичи автобустан секирип кетип каза болду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кичи автобусту мас абалындагы айдоочу башкарып бара жаткан, ал эми өспүрүм катуу ылдамдыктан коркуп кеткен.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин журналистине окуя 27-сентябрь күнү кечинде Кара-Суу районунан алыс эмес жердеги Учар айылында болгонун билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу айыл тарапты көздөй кетип бара жаткан. Машинанын салонунда беш жаштагы бала болгон. Чоң ылдамдыктан корккондугунан улам бала машинанын эшигин ачып, кичи автобустан секирип кетип, окуя болгон жерден дароо эле каза болгон.

«Алдын ала маалыматтарга ылайык, айдоочу мас абалында машинаны башкарган. Учурда айдоочу кармалды», — деп билдиришти милициядан.

Ошондой эле, укук коргоо органдары кармалган адамдын каза болгон балага тууганчылыгы бар же жогун текшерип жатат.

Иллюстративдик сүрөт.


ТЕМА БОЮНЧА: