Playboy журналынын негиздөөчүсү кайтыш болду

АКШда 91 жаш курагында легендарлуу эркектердин Playboy журналынын негиздөөчүсү Хью Хефнер кайтыш болду.

Хефнердин каза болгону тууралуу маалыматты Playboy басылмасынын расмий твиттер-аккаунту жарыялады. Ал өзүнүн Лос-Анжелестеги — Playboy Mansion өзгөчө үйүндө өз ажалынан кайтыш болду.

Хью Хефнер Playboyго чейин

Хью Хефнер 1926-жылы жарык дүйнөгө келген. Мектепти бүтүп жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки аскер кызматын өтөп келип, Хефнер карикатура тартып, Shaft журналында иштей баштаган.

Кийинчерээк Хефнер Esquire журналына өткөн, бирок ал жакта бир аз эле иштеген, анткени анын айлык маянасын жогорулатуудан баш тартышкан, ошол себептен ал басылмадан кетип калган.

Ошондон кийин Хефнер өз журналын чыгарууну чечкен. Ал 600$ иштеп таап, насыя бергендерден 8000$ алган, кошумча анын апасы миң доллар берген. Ошол күндөн тартып башында Stag Party (“Мальчишник”) деп аталган Playboy журналынын турмуш жолу башталган.

Бирок ошол учурда окшош аталыштагы Stag Magazine журналы чыгып жаткандыгынан улам Хефнер басылмалардын ортосундагы чыр-чатак чыгып кетпеши үчүн журналдын аталышын өзгөрткөн.

Хефнер менен Playboy

Журналдын биринчи тиражы 1953-жылы 70 нускада чыккан. Журналдын башкы бетинде Американын секс-символу Мэрилин Монро пайда болгон.

Биринчи сатык аптада Хефнердин күмөн санаганына карабастан «Playboy» журналынын жалпы нускасынын үчтөн төрт бөлүгү сатылып кеткен.

Ар кандай мезгилдерде Playboy журналынын башкы беттеринде Мадонна, Тина Тернер, Шер, Шэрон Стоун, Наоми Кэмпбелл, Ажелина Жоли, Ума Турман жана башка жылдыздар чыгып турган.

Мындан тышкары, журналда Владимир Набоковдун жана Стивенг Кинг менен Яна Флеминганын окуялары жарыяланып турган. Басылмага Билл Гейтс, Кевин Спейси, Жон Траволта, Гарри Каспаров жана башка көптөгөн атактуу адамдар маек курган.

Басылма 2015-жылдын сентябрында жылаңачтанган сүрөттөрдү жарыялаганын токтотуп жатканын билдирген, бирок журнал учурунда дал ошо жылаңачтанган аялдардын сүрөтүн жайгаштыруу менен атактулуукка жеткен. Журналдын редакциясында бул нерсени өз окурмандарынын санын жогорулатуу менен байлаштуу деп түшүндүрүшкөн.

Буга карабастан 2017-жылдын февраль айында редакция жылаңачтанган сүрөттөрдү жарыялоону кайра баштаган.