Сары-Челек: Израилдик турист кызды 60 адам издеп жатат

Сары-Челек коругунда жоголуп кеткен израилдик турист кызды 60 адам издеп жатат. Акыркы жолу 22 жаштагы Хилла Ливне 23-сентябрда байланышка чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgнин кабарчысына билдиргендей, жоголуп кеткен Израилдин жараны Хилла Ливнени төрт израилдик куткаруучуну кошкондо 60 адам издеп жатат.

«Издөөнү райондук милициянын жана коруктун кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана ӨКМдин куткаруучулары иттер менен жүргүзүүшүдө», — деп билдиришти ӨКМДин басма сөз кызматынан.

The Times of Israel басылмасы Израилдин Борбор Азия боюнча элчисинин орун басары Ариэл Браверман немис элчилигинин атташесине издөө иш-чараларына аскерий тик учак тартуу өтүнүчү менен кайрылганын жазууда.

Хилла Ливне менен анын шериги 23-сентябрда SOS (куткаруу) сигналын жөнөтүшкөн, андан кийин байланышка чыкпай калышкан.

Кыздын шериги 24-сентябрда табылган, көрсө ал кулап кетип бутун кокустатып алган экен. Ага жардам берген жергииктүү тургундар биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бирок ал өз шеригин кайдан издөө керек экенин билбестигин айткан.

Жоголуп кеткен 22-жаштагы Хилла Ливне достору менен биргеликте Борбор Азия олкөлөрүндө саякаттап жүргөн.

Сары-Челек — Жалал-Абад облусунда өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш аймагы болуп эсептелет. 1979-жылы Сары-Челек ЮНЕСКОнун биосфералык баалуу коруктарынын катарына киргизилген.


ТЕМА БОЮНЧА: