Бишкек: Ооганстандык жаран менен сейилдегени үчүн кызга кол көтөргөн адамга кылмыш иши козголду

Милиция Бишкектин Ош базазарында ооганстандык киши менен сейилдеп жүргөн өзүнө бейтааныш кызды чаап салган адамга кылмыш ишин козгоду. Тергөө жүрүп жатат, андан эч жака кетпөө кол каты алынып коё берилди.

Бишкек ШИИБнин басма сөз катчысы Адыл Оморов Kloop.kgнин журналистине курган маегинде, кылмыш иши «Бейбаштык» беренеси боюнча ачылганын билдирди.

Анын айтымында, тергөө жүрүп жатат, бирок шектүү жарандан эч жака кетпөө кол каты алынып коё берилди.

«"Бейбаштык" беренесинин биринчи бөлүгү тергөө учурунда камакка алууну негиздебейт», — деди Оморов.

Окуя 11-сентябрда болгон, ал эми анын кесепети журналист Владимир Цай тарабынан видеого тартылып алынган.

Кызга кол салуу болгондон кийин ал дароо эле анын айланасына чогулган адамдарга бул нерсени ал «кыргыз кыздары чет элдиктер менен жолукпашы үчүн» кылып жатканын айткан.

Кол салган адам өз кезегинде жабырлануучу кызды «балта менен чаап» салаарын айтып коркуткан.

Укук коргоо органдары кол салган адам менен жабырлануучуну жакын жердеги милиция бөлүмүнө алып кетишкен, ал жактан алардан түшүнүк кат алынып, экөөнү коё беришкен.

Этникалык кыргыз кыздардын чет элдиктер менен же башка этностордун өкүлдөрү менен мамиле кургандары үчүн кол салуулар дайыма болуп турат, бирок алардын жарымы кана ЖМКлар аркылуу ачыкка чыгат.

Буга чейин Орусияга иштегени кеткен кыргыз кыздарына болгон бир катар кол салуулар абдан катуу талкууга алынган. Жада калса Орусияда кыргыздардын диаспорасында кыздарды сабап жатканын видеого тарткан «Патриоттор» деген топ түзүлгөн.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин маалыматына ылайык, ошол топтун жети мүчөсү адамдарды урдоо жана токмоктоо фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.


ТЕМА БОЮНЧА: