Ош облусу: Маршруттук такси оор жүк ташыган унааны сүзүп, бир адам каза болду

Өзгөн районунун Аны-Кызыл айылындагы Бишкек-Ош жолунда салонунда жүргүнчүлөрү бар «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус оор жүк ташыган машинаны сүзгөн. Жол кырсыгынан бир адам каза болуп, дагы экөө жабыркады.

Жол кырсыгы 28-сентябрьдан 29-сентябрга караган түнү Ана-Кызыл айылындагы Бишкек-Ош жолунда болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус жолдун жээгинде турган «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташыган унааны сүзгөн.  

«Кичи автобустун айдоочусу менен экинчи жүргүнчүсү жабыр тарткан. Алар ооруканага жаткырылышты», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

Ош облусунун ИИБнен билдиришкендей, кичи автобустун айдоочусунун айтымында, жол кырсыгы ал рулда уктап кеткени үчүн болгон.

Машиналар айып унаа токтотуу жайларына жеткирилип, тергөө жүрүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: