Сот Сапановду шарттуу түрдө эки жылга кесип, камактан бошотту

Бишкек шаардык соту журналист Сапановду төрт жылга түрмөгө кесүү өкүмүн эки жыл шарттуу түрдө жаза өтөө мөөнөтүнө өзгөрттү. Журналист сот залынан камактан бошотулду.

Сот жыйынында болгон жарандык активист Адил Турдукулов 29-сентябрда Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, сот журналистти түрмөгө кесүү өкүмүн артка кайтарып, шарттуу түрдө эки жылга кесүү өкүмүн чыгарганын билдирди.

«Сотто анын тарапташтары абдан көп болду. Бул жалпыбыздын жеңишибиз. Мен сот бардык жагдайларды эске алып, адилеттүү чечим чыгарды деп ойлойм. Бирок аны толугу менен акташпаганы өкүнүчтүү», — деди Турдукулов.

Биринчи май райондук соту 12-сентябрда аны 4 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Өкүм чыгарылгандан кийин Сапанов дароо эле сот залынан кармалган.

Сот Сапановдун «Кыдыр санжырасы» китеби ислам динин туткандар менен христиандардын ортосунда «диндер аралык кастыкты» козутууга багытталган деген прокурорлордун жүйөлөрү менен макул болгон.

Ал эми Сапанов өзү анын дарегине коюлган айыптоолорго макул эмес, ал өз пикирин айтканын билдирген.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев журналистке карата чыгарылган өкүмдү «ырайымсыздыкка кайтуу» деп атап, сотторду Сапановду камактан бошотууга чакырган.

Эл аралык «Чек арасыз кабарчылар» уюуму Сапановго карата өкүмдү айыптап, кыргыз бийлигин андан күнөөлөрдү алып салууга чакырган.

Сапанов өз китебинде эмнени жазган?

Автор өзүнүн китебинде Курандагы акылман Кыдыр кудай болуп эсептелип, ал эми Аллах шайтан болуп калабы деп суроо салган.

Ошондой эле, автор кыргыздардын байыркы диний ишенимдерин изилдеп, диний кызматкерлер элге Аллахка ишенүүнү таңуулап жатат деп бүтүм чыгарган.

Китептин жарыкка чыгышына нааразы болгон Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү башкы прокуратурага арыз жазышкан. Дин башкармалыгы Сапановдун китеби мусулмандардын диний баалуулуктарын кемсинтет деп билдирген.

Ошондон кийин башкы прокуратура Сапановго каршы кылмыш ишин козгогон. Сапанов өзү болсо сөз эркиндигине жана бекитилген гипотезалар боюнча күмөн саноого укугум бар деп эсептейт. Анын айтымында, китебинде диндер аралык жаңжалга алып бара турган маалымат жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Сапановдун үйүндө 8-февралда тинтүү жүргүзүп, анын ноутбугун, уюк телефонун жана китептерин алып кеткен.


ТЕМА БОЮНЧА: