Америкалык аңчы Кыргызстандын тоолорунда кызыл китепке кирген Марко Полону атып салган

Америкалык аңчы Лариса Свитлик 2016-жылдын ноябрында Кыргызстандын тоолорунда кызыл китепке кирген Марко Поло тоо коюн атып жүргөнү тартылган сүрөттөр менен видеону жарыялаган.

Свитлик Марко Полого аңчылык кылып жүргөнү тартылган видеону интернет тармагына 21-сентябрь күнү жарыялаган. Бирок видеодогу баяндамада койду 2016-жылдын ноябрында атканын билдирген.

«Бул менин мергенчилик тажрыйбамдагы экстремалдуу учурдун бири. Кыргызстандын тоолорунда Марко Полого аңчылык кылуу бул — чындыкка айланган кыял. Бул жерге аңчылыкка келээрде абдан суук жана татаал болоорун билгем», - деп жазган ал өзүнүн Инстаграмында.

Кыргызстанда жылына Марко Полону атууга 70 лицензия берилет. Бир жапайы койду атууга лицензиянын баасы 500 миң сомду түзөт. Азырынча Свитликтин жыныбарды атууга лицензиясы болгонбу же жокпу белгисиз.

Марко Поло тоо кою же аркар — Орто жана Борбор Азиянын тоо аймактарында кездешкен жапайы койлордун эң эле ири түрү. Кой эл аралык Кызыл китепке кирген жана жаратылышты коргоо уюмдары аркылуу коргоого алынган.

Мындан тышкары, Марко Поло көпчүлүк учурда дүйнө жүзү боюнча саны төрт миңден ашпаган ак илбирстин түрлөрүнүн негизги олжосу болуп эсептелет.

Лариса Свитлик көп учурда "Лариса Анлишд" каймана ысым менен белгилүү — мергенчи жана ар кандай Американын каналдарында аңчылык жөнүндө теле берүүлөрдүн алып баруучусу.


ТЕМА БОЮНЧА: