Казакстан: Депутат «уруксаты»  жок коомдук тармактарга катталган балдардын ата-энелерине штраф салууну сунуштады

Эгерде балдар ата-энесинин макулдугу жок коомдук тармактарга катталып алышса, анда алардын ата-энесине 45 000 миң теңгеден ашык өлчөмдө штраф салыш керек — деген сунуш менен чыкты Мажилистин депутаты Азат Перуашев. Ал штрафты административдик кодекске киргизүүнү сунуштап, долбоор «иштеп бүтүрүүгө» жөнөтүлдү.

Казак депутаты Азат Перуашевдин оюнча, ата энесинин  макулдугу жок коомдук тармактарга катталып алышкан балдардын ата энелерине (45 000 миң теңге — бул 9000 миң сомдон ашык акча), ал эми кызмат адамдарына 68 000 миң теңге — бул 13,5 миң сом акча) штраф салуу керек.

Перуашевдин пикиринде, анын сунушу «Балдар менен өспүрүмдөрдүн ден соолугуна жана өсүшүнө зыян келтирген маалыматтардан коргогонго» шарт түзөт жана ал Евробиримдик кабыл алган ыктымал тыюуга дагы таянууда.

Депутат Казакстандын «Азаттык» үналгысынын журналисттерине ал кайсыл резолюцияга таянып жатканын айта албай койгон, бирок кийинчерээк Перуашев менен анын кесиптештери түпкү булак катары кайсы бир белорусиялык сайттын маалыматын колдонушканы белгилүү болгон.

«Интерньюс Network Казакстандын» юристи Ольга Диденконун айтымында, ал Европа парламентинин мыйзам актыларын окуп чыгып, андан депутаттар таянып жаткан токтомду тапкан эмес.

Перуашевдин сунушу «Балдардын ден соолугу менен өнүгүүсүнө зыян келтирген маалыматтардан коргоо» жөнүндө мыйзам долбоору боюнча өтүп жатат жана ал «иштеп бүтүрүүгө» жөнөтүлдү.  

Бул мыйзам долбоорун мындан эки жыл мурда кабыл алууга аракет кылышкан, бирок анда аны Баш мыйзамга туура келбейт деп таанышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: