Украина: «Жарайт ситинин» резиденттери «Куудулду күлдүр» шоусунда 50 миң гривен утуп алышты  

Кыргыз юмористтери Элдияр Ешимбеков менен Илгиз Куватбек Украинанын «Куудулду күлдүр! (Рассмеши комика)» телешоусунда 50 миң гривен утуп алышты.

«Жарайт ситинин» резиденттери Элдияр Ешимбеков менен Илгиз Куватбек июль айынын ортолорунда Украинанын «Куудулду күлдүр» шоусуна тартылышкан. Алардын катыштыгындагы теле берүү 30-сентябрда эфирге чыккан.

Ешимбеков менен Куватбек аталган телешоуда 50 миң гривен (127 миң сомго жакын акча) утуп алган биринчи кыргызстандыктар болуп калды.

Ешимбековдун айтымында, видео жөнөтүшүп, телешоуга катышып калышкан. Андан кийин куудулдардын жол киресин менен жатаканасын төлөп беришип, Киевге чакырышкан.

«Көптөн бери Киевди көргүбүз келген. Бизге абдан жакты. Конкурста ырахат алуу үчүн болгон күчүбүздү жумшоону чечтик. Абдан толкундандык. Бардыгы окшошту. Биз канааттандык», — деп билдирди ал «Спутник» басылмасына курган маегинде.

Шоунун шартына ылайык, катышуучулар калыстар тобунда отурган Владимир Зеленский менен Евгений Кошевойду күлдүрүүгө аракет кылышы керек.

Шоуга чыкканда ар бир айлампага бирден мүнөт берилет, андан соң жеңишти алып кетүүнү же күлдүрүүнү улантууну сунушташат. Эгерде кийинки айлампада катышуучулар калыстар тобун күлдүрө албай калышса, жеңиш жокко чыгарылат.

Шоуда беш мүнөт ичинде катышуучулар утуп ала турган байгенин максималдуу өлчөмү — 50 миң гривен.

«Куудулду күлдүр!» телешоусу 2011-жылдын 19-февралында Украинанын «Интер» телеканалында көрсөтүлгөн. Учурда шоунун көрсөтүүлөрү ишемби күндөрү «1+1» каналында эфирге чыгып турат.

«Жарайт сити» юмористтик долбоору 2015-жылдын сентябрында кыргыз телевидениесине чыга баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: