Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасын ратификациялоо мыйзамына кол койду

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо жөнүндө келишимин ратификациялоо мыйзамына кол койду. Эми документти өзбек тарап ратификациялашы керек.

Атамбаев кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызын тактоо жөнүндө келишимин ратификациялоо мыйзамына 2-октябрда кол койду. Ал жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кол коюулган документке ылайык, эки мамлекеттин ортосунда 1170 чакырым чек ара такталды.

Учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы 50 аймакта 200 чакырым жер тактала элек. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1370 чакырымды түзөт.

Парламенттин депутаттары мыйзамды 28-сентябрда кабыл алышкан, ал эми чечим кабыл алуу жабык түрдө өткөн.

Өзбекстандын президенти 5-сентябрда Кыргызстанга алгачкы жолу иш сапары менен келген учурда эки өлкөнүн башчылары Шавкат Мирзиёев менен Алмазбек Атамбаев чек аралар боюнча келишимге кол коюушкан.

Мамлекеттик чек араларды аныктоо боюнча жигердүү сүйлөшүүлөр Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов дүйнө салгандан кийин жандана баштаган.

Өлкөлөр ортосундагы чек араны тактоо маселеси Советтер биримдиги тарагандан бери чечилбей келген, анткени Борбор Азиядагы өлкөлөр жерлерди тактоо үчүн ар кандай документтер менен карталарды сунуштап келишкен.

Кыргызстан менен Өзбекстандын жерлери Фергана өрөөнүндө тыгыз байланышып, өлкөлөр ортосунда катаал чек ара тутумун түзөт. Анткени бири-биринин аймагында жайгашкан анклавдар абалды оорлоштуруп турат.

Чек аранын макулдашылбаган жерлеринде эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда далай жолу чыр-чатактар чыгып турат.


ТЕМА БОЮНЧА: