Бишкек: Бийлик коомдук транспорттун баасын көтөрүүдөн баш тартты

Бишкек мэриясы коомдук транспорттун тарифин көтөрүү маселесин талкуудан алды. Бийлик биринчи кезекте «тейлөөнүн сапатын» камсыздаш керек деп эсептейт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, коомдук транспортто жүрүүнүн баасы жүргүнчүлөрдү тейлөө сапаты жакшыргандан кийин гана көтөрүлөт.

«Маселелер комплекстүү чечилмейинче жана шаардыктар менен борбордун коноктору үчүн коомдук транспорттун тейлөө сапаты жогоруламайын мэрия тарифтерди карабайт», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Шаарды өнүктүрүү долбооруна ылайык, автобустар менен троллейбустардын санын көбөйтүү, аялдамаларды жакшыртуу жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу пландалууда.

Буга чейин мэр Албек Ибраимов учурдагы коомдук транспортто жүрүүнүн тарифтери «чыгашалуу» деп билдирген. Тарифтерди көтөрүү маселесин декабрда шаардык кеңештин талкуусуна чыгаруу пландалган.  

Ибраимов бензинге кеткен чыгымды жабыш үчүн маршруткада жүрүүнүн тарифтерин 10 сомдон 12 сомго чейин жогорулатуу керек экенин билдирген.

Учурда коомдук транспортто жүрүүнүн акысы троллейбустар үчүн 8 сом, маршруттук таксилер үчүн 10 сомду түзөт. 21:00дөн кийин маршруттук таксиде жүрүүнүн баасы 12 сомду түзөт.


ТЕМА БОЮНЧА: