Бишкек: Мэрия мындан ары «Көз караш» инсталляциясын оңдобойт

Бишкек мэриясы «Көз караш» инсталляциясын оңдобой турганын билдирди. «Көз караш» арт-объект катары мэриянын карамагында эмес. Соңку эки жумада бүлдүргүчтөр арт-инсталляцияны үч жолу сындырып кетишкен.

«Тазалык» муниципиалдык ишканасы өзүнүн фэйсбук барагында, «Көз карашты» эгерде дагы сындырып кетишсе мындан ары аны калыбына келтирбей турганын эскертти.

«Көз караш арт-инсталляциясын үчүнчү жолу оңдодук. Бул акыркы жолкусу. Мындан ары оңдобойбуз. Көз караш биздин карамагызбызда эмес», — деп айтылган маалыматта.

Бүлдүргүчтөр филармониянын жанындагы Жаштар аллеясында жайгашкан «Көз караш» инсталляциясын эки аптанын ичинде үч жолу сындырып кетишкен. Биринчи жолкусу 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түнү болгон

Андан кийин ар-объектти 22-сентябрь менен 1 октябрь күнү сындырып кетишкен. Милиция дагы деле күнөөлүүлөрдү издеп жатат.

DOXA арт-тобунун мүчөсү Сергей Келлер Kloop.kgнин кабарчысына «бул күтүлгөндөй эле болгонун» айткан.

Анын айтымында, арт-инсталляциянын айнеги кимдир бирөө бир жерин кесип албашы үчүн атайын пластиктен жасалган.

Бийиктиги эки метр болгон көз айнекти өткөн жылдын июль айында DOXA арт-тобу орноткон.

Көз айнектин маңдайына туруп аны караганда «Өз укуктарыңды коргоо үчүн аларды билүү керек» деген абада калкыган жазууну көрүүгө болот. Ал 3D форматында таш плиткаларга кыргыз жана орус тилдеринде тартылган — көз айнек ал жазууларды туура ракурста көрүүгө жардам берет.


ТЕМА БОЮНЧА: