Бишкек шаардык соту Текебаевдин 4,5 жылдык абак мөөнөтүн күчүндө калтырды

Бишкек шаардык сотунун соттор коллегиясы оппозиционер жана депутат Өмүрбек Текебаевге каршы чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Оппозиционерди «коррупция» беренеси боюнча мүлкүн мамлекеттин эсебине чегеришип 4,5 жылга эркинен ажыратышкан.

Бишкек шаардык соту сот Адиса Момуналиеванын төрагалыгы астында Биринчи май райондук соттун депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМдин башчысы Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча өкүмүн күчүндө калтырды.

«Ата мекен» партиясынын юристи Канатбек Азис «Кактус» басылмасына курган маегинде, өкүмдү айыпталуучулар менен адвокаттар жок эле окушканын билдирди.  

Сот өкүмдү окуй баштаганда, сот залында отургандар каршылык билдирүү максатында жыйындан чыгып кете башташты.

Ошондой эле, Азис юристтер өкүмдү Жогорку сотто даттанышаарын билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-августта оппозиционер Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун мүлктөрүн мамлекеттин эсебине өткөрүү менен сегиз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок сот 17-августта соттолуучуларга карата мунапыс жарыялап, өкүмдү 4,5 жылга чейин эркинен ажыратууга жеңилдеткен.

Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алуу боюнча күнөөлүү деп таанышкан, ал эми Дүйшөнкул Чотоновду пара алууда ортомчу болгон деп табышкан.

Ал эми эки саясатчы тең өкүмгө макул эмес жана өзүлөрүнө каршы ишти «саясий мүнөздүү» деп эсептешет. Текебев камакка алынганга чейин бийликтин эң башкы сынчыларынын бири болгон, көпчүлүк учурда президент Алмазбек Атамбаевди сынга алып келген.


ТЕМА БОЮНЧА: